Өзгөн районунда кыз менен таанышуу үчүн келген жигитти сабаган 7 баланын бири камакка алынып, алтоо үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Шектүү балдардын ичинен бирөө окуяны уюштурганы үчүн 2 айга камакка алынды. Ал эми калгандары үй камагына чыгарылган. Алар суракка келип жатышат. Эгерде тергөөдө күнөөлөрү аныкталса алардын арасынан да камакка алынышы мүмкүн. Бул окуя боюнча кылмыш ишине "опузалап акча талап кылуу" беренеси дагы кошулду", - деди маалымат катчы.
Эске салсак, Ош облусунун Өзгөн районундагы айылдардын биринде кыз менен таанышуу үчүн келген жигитти 7 бала сабап салган. Окуя өзү 2-июнда болгон. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда шектүү катары 2 адам кармалган.
Айта кетсек, кызга келген балдарды айылдаштары сабаган окуя буга чейин март айында Ноокат районунун Гүлстан айылында катталган. Анда айылдык тургундар кыз-жигитти ур-токмокко алып, алардын ден соолугуна зыян кетирилген. Ал окуядан көп өтпөй аталган айылга кыз менен жолугуу үчүн келген 32 жаштагы адам сабалып, ал алган жаракатынан улам каза болгон.