Биз социалдык тармакта

Акын Темирлан Ормуков: "3 судьяга кылмыш иши менин укугумду коргош үчүн козголгон жок"

Көзү азиз акын Темирлан Ормуков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго ачык кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

"Урматтуу башкы прокурор менин укугумду өзүмдүн катышуумсуз коргоону токтоткула. Башкы прокуратура менин укугумду коргош үчүн Жогорку Соттун судьяларына кылмыш ишин козгогон жок, болгону ал судьялардын кызмат ордун бошотуш керек болууда. Менин ишим ага негиз гана болуп жатат", - деп айтылат кайрылууда.

Эске салсак, 2-июлда Башкы прокуратура көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун мыйзамсыз камалышы боюнча Жогорку Соттун үч судьясына, Жогорку Соттун аппаратынын жана Бишкектин №1-СИЗОсунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Janyjol.86
2018-07-04 11:29:33
ой тообо темирлар мырза турмодон бошотуп койгонуна шугур деп унчукпай тирилигинди кылып журо бербейсинби
-3
Tolkun555
2018-07-04 11:34:13
По жизненной недовольный адамсын го.
+5
pat12
2018-07-04 12:31:13
Молодец. Ушунтип сага окшоп оюн ачык айткан адамдарга азыр Жээнбеков иш козготуп, элге жаман аттуу кылып коргозуп жатат. Ошондой саясат журугузуп жатат.
0
nuri1
2018-07-04 12:40:07
Жээебеков Жогорку Сотко озунун марионеткаларын бекитип, анан ушул акынга окшоп бетке айткан адамдарды каматыш керек. Болгону ошол.
-1
bekmirzach
2018-07-04 15:29:50
Көзү азис адамдын сынына чычалаган бийликтин(Алмаз Атамбаев, Сапар Исков) камчысына айланган соттор күнөөсүз адамдын укугун тебелеп бийликке кошоматтанып алардын буйругун аткарып келишкен. Адам укугун тебелеген соттордун оорду абакта. Жооп беришсин.
0
bekmirzach
2018-07-04 15:42:56
Таланып бир ай бүргөгө.
Жаткан ал да түрмөдө!
Жатып келсин сотторда,
Калыстык үчүн дүйнөдө!
+1
tnz
2018-07-04 16:39:10
бул адамга эмне болду мынчалык нааразы, дагы жатып келем деп атабы кокуй Ормуков.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан