Биз социалдык тармакта

Нефтетрейдерлер ассоциациясы: "Күйүүчү май июль айында кымбаттабайт"

Жыл башынан бери токтоосуз өсүп келген күйүүчү майдын баасы июль айында кымбаттабайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов SUPER.KG порталына билдирди.

Акыркы учурларда Орусиянын дүң базарларындагы мунайдын баасы турукташууда. Бул биздин өлкөдөгү мунай базарына да таасир этип, баалардын өсүшү июль айына карата токтоду. Бул айда күйүүчү майдын дүң баасы өткөн айдын баасындай эле калат. Бирок Орусиянын кээ бир заводдорунан ташылып келген күйүүчү майларга карата бажы салыгынын көлөмүнө жараша баалар өсүп кетиши мүмкүн”, - деди Улан Кулов.

Эске салсак, жыл башынан бери күйүүчү майдан баасы кескин өскөн. Нефтетрейдерлер ассоциациясы муну Орусиянын заводдорунда баалардын кескин көтөрүлүп кетиши менен байланыштырган. Январь-июнь айларында бензин орто эсеп менен 2,6 сомго кымбаттаган. Ал эми дизелдик отундун баасы 4,4 сомго өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tttalant
2018-07-04 16:58:11
Арзандаса жакшы болмок
0
zhigitaly
2018-07-05 00:00:18
Бажы төлөмүнөн коркуп союзга кирдик элеби? Баарыбир болмок нерсе экен го ансыз деле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан