Биз социалдык тармакта

Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө ишкерлерден акча талап кылынып жатабы? Министрликтин жообу

Интернетте Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен жеке компанияларга келген кат кызуу талкууга алынууда. Ал катта III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурууга демөөрчүлүк кылуу сунушу жазылган. Аталган министрлик бул кат боюнча SUPER.KG порталына төмөнкүдөй жооп берди.

"Жеке ишкерлерди мажбурлоо менен акча алынган жок. Каалаган ишкерлер өз эрки менен салымын кошууда. Биз жиберген катта да Көчмөндөр оюнун уюштурууга салым кошкусу келген ишкерлерден финансылык жардам көрсөтүүсүн сураганбыз", - дешти министрликтен.

Айта кетсек, коомчулук арасында "ишкерлер келечектеги бут тосуулардан сактанып, айласыздан акча каражатын которуп жаткандыгы, Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө бюджеттин акчасы жетпесе, үстөк пайызга акча алып үйлөнгөн жаштардай кылбай, ошол акчанын чегинде эле уюштурса болбойт беле" деген пикирлер айтылууда.

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен жеке компанияларга таратылды делген кат

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tolkun555
2018-07-04 16:43:17
Эми кичине чыдасак башка мамлекеттер кийинки кезекти алышса Кыргызстан негиздоочу болуп калат эле.бул менин оюм
+2
frunze777
2018-07-04 19:07:24
Tolkun555, жомок айтпачы, кимге керек экен бизде6и жержутарлардан башка?!!

Бийликтеги бир ууч коррупционер ар 2 жылда кочмондор оюну деп казынадан миллиондорду чыгарып уурдап жатат. Ал эми сага окшогондор ошону тушунууго жондомсузсунор...

Казынадан миллиондор уурдалып жатса кол чаап отура бергиле...
0
Modric10
2018-07-04 18:31:12
ушул кочмондор оюну ашыкча эле чыгым кылып атат озу мамлекетибиз карыздан кутула албай атканда
+2
frunze777
2018-07-04 19:11:06
Адашпасам олкодо 200го жакын мектеп авариялык абалда экен... Окмот ошону ондоо учун тыштан кредит издеп журот да, кайсы арына кочмондор оюнун откорот экен?!!

Отконку кочмондор оюнунда да мектеп курууга болунгон 1,5-2 миллиард сом кочмондор оюнуна сапырылып б..-..... болуп жок болду, ортодо жврымы уурдалып... Болбосо ошол акчага 40-50 жапжаны мектеп куруп коюшса болмок эле го?!!

Жээнбеков келди, Атамбаевдин коррупциялык кочу уланууда...
+1
frunze777
2018-07-04 19:12:27
Анан калса бул ишкерлерге "добровольный" дегени менен, милдеттуу салык дегендей эле болуп калыптыр...

Мына силерге бийликтин жузу!!!

Эртен ишкерлерден 10 миллион чогулса, элге 1 миллион чогулду деп отчет берет да, калганын оз ара болуп "жеп" алышат. Аларды ким текшермек эле, бийликтин эн башындагылар аралашып жаткан сон...
+2
Jazdyn_tany
2018-07-04 19:50:48
Мамлекеттик ипотеканын акчасын дагы ушул көчмөндөр оюнуна которуп салышкан экен, азыр эч ким ипотекага үй ала албай жатат. СМИден болсо президент, премьер-министр баш болуп, биз пайыздык ченемди төмөндөттүк деп мактанышат! Мам.ипотека компаниянын иши жыл башынан бери токтоп турганы менен иштери жок!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан