"УКМКнын тергөөчүлөрү Соттук-эксперттик кызматынын кызматкерлерине басым көрсөтүүдө деген маалымат чындыкка дал келбейт" дейт УКМК

"УКМКнын тергөөчүлөрү Соттук-эксперттик кызматынын кызматкерлерине басым көрсөтүүдө деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деп бүгүн, 10-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов ЖЭБди жаңылоодо коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтеген тергөөчүлөр аталган кызматтын кызматкерлерине басым көрсөтүлүп жатканын айткан.

УКМК: "Эксперттик комиссия жыйынтык чыгарып жатканда нускаманын талаптарын, "Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамын бузган. Мындан улам Башкы прокуратура тарабынан "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козголгон. Учурда УКМК тергөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирди.

Эске салсак, Сапар Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Бир нече жолу суракка чакырылгандан кийин ал 2 айга камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын СИЗОсуна тергөө бүткөнгө чейин камоо чечимин кабыл алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан