Чоң атасы, ошол кездеги атагы чыккан комузчу Турсунбай жаңы төрөлгөн ымыркайга Таттыбүбү деген ат коёт. Атасы Мырзаалы Токтогул Сатылгановдун шакирти болуптур. Ал эми апасы Калыйбүбү да замандаштарынын айтуусунда Таттыбүбүдөй ажайып сулуу болгон.
1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган.
17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институтунун "Драма жана кино актёру" факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген. Театр ишмерлери "Таттыбүбүнүн чыгышы менен кыргыз театрына жаңы жылдыз келген” деп айтып келишет. Театрда сулуу каармандарды кыйла жылдар бою аткарып келген
Бакен Кыдыкееванын улгая баштаган учурунда Таттыбүбүнүн чыга келиши токтоло калган чыгармачылыкты
кайрадан жандандыргандай болгон.
Театрда дүйнөлүк жана совет классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30 дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Кар ханышасы - ("Кар ханышасы",1966-ж.), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Батма - ("Танабай" спектакли, 1978-ж.), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асел ("Делбирим"), Дездемона - ("Отелло", авт.У.Шекспир), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан.
Таттыбүбү Турсунбаева Кыргыздын эл сүйгөн эң атактуу актрисасы болгон. Анын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. Аны Кыргызстанда "сахнанын ханышасы" деп аташкан. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, ролдорун жеткиликтүү аткарган. Ал "Ак Мөөр" тасмасында башкы каармандын, ал эми "Кызыл алма" фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан.

Актриса Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Имаш Эшимбековго турмушка чыгып, экөө сегиз-тогуз жыл чогуу жашап бир уул, бир кыздуу болушат. Ажырашкандарына 7 жыл болгондо Таттыбүбү каза болот. Имаш болсо актриса каза болгондон он жылдан кийин бул жарык дүйнө менен коштошот. Экөө Ташкенттеги театралдык институтта бирге окуган. Таттыбүбүнүн театрдагы ойногон биринчи ролу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасындагы Аселдин ролу болгондуктан, жолдошу кызынын атын Асел койгон.
Асел Эшимбекова "Махабат дастаны", "Сүйүү закымы" жана башка кинотасмаларда тартылып, кыргыз киносунун жылдызына айланган.
Тилекке каршы, Соң-Көлдүн чүрөгү аталган Таттыбүбү Турсунбаеванын өмүрү кыска болгон. Ал 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында дүйнөдөн кайткан.
Табият берген таланты, кубулжуган үнү, теңдешсиз сулуулугу жана бийик адамгерчилиги менен элдин эсинде түбөлүк калган кыргыздын Таттыбүбүсүнүн айкели 2014-жылы 30-апрелде Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жанындагы гүл бакчага
тургузулган.
Тартылган тасмалары:
1960-жыл - "Салиманын ыры"- Салима
1965-жыл - "Эң тил алчаак" - Айзада
1967-жыл - "Саманчынын жолу" - Толгонайдын жаш кези
1968-жыл - "Ак-Мөөр" - Ак Мөөр
1971-жыл - "Отко таазим" - Уркуя
1972-жыл - "Ак куулар конгон айдың көл" - Зейнеп
1973-жыл - "Атадан калган туяк" - Жээнгүл
1974-жыл - "Сүйүүнүн жаңырыгы" - Асия
1975-жыл - "Кызыл алма" - Бейтааныш сулуу

1975-жыл - "Арман"
1976-жыл - "Алтын күз"
1979-жыл - "Процесс"
"Таттыбүбү ролдорду аткарганда жагымдуу тембри, ачык дикциясы, улуттук акценти, аткаруу манерасы, жүрүм-туруму жүрөккө жетимдүү эле" деп жазган "Адам болсоң, артист болсоң Таттыбүбүдөй бол" деген эскерүүсүндө драматург Токтоболот Абдумомунов.
- "...Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче, сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз..."
-
"Сулуулук дүйнөнү сактайт деген улуу сөз бар го. Анда сулууну ким сактайт?" (акын Жолон Мамытов, "Жүз жашка тол кылым").
Ал көз жумганда, курсташы Жумабек Козукеев мүрзөсүнүн башында:
"Токтолуп сокпой жүрөгү, Соң-Көлдүн кетти чүрөгү" деп айткан.
Кыргызда Таттыбүбүнү "ак куу" деп да айтышат, анткени ак куу эң эле татынакай жана назик куш. Ак куунун моюну узун, Таттыбүбүнүн дагы моюну узун болгон. Буга байланыштуу мындай ыр саптары айтылат
"Адашкан аркар сыяктуу, арманда кетти бир ак куу".
Радиодон аткарылып, "Алтын казынада" сакталып калган ырлары:
- "Гүлкайыр"
- "Ай баратат"
- "Жүрөктүн чогу өчө элек"
- "Адамдар менин сүйгөнүм"
- "Суу алган кыз"
- "Ысык-Көлдүн ак куусу"