Америкалык рэпер, "Black Eyed Peas" тобунун ырчысы Taboo 43 жашка толду. Ал 1975-жылы 14-июлда АКШнын Калифорния штатында төрөлүп, Лос-Анжелес шаарында чоңойгон. Анын канында мексика жана индеец (шошон уруусу) улуттары бар.
Ырчынын өз аты-жөнү - Жейм Луис Гомес. Ал брейк-данс бий түрү боюнча атайын окуп билим алган. Белгилүү бийчилердин катарына кошулган соң аны "Atban Klann" тобунун мүчөсү Уильям Адамс (Will.i.am) байкап, "Black Eyed Peas" тобуна чакырган. Taboo аталган топто көбүнчө испан тилиндеги ырларды аткарат.
Жейм 16 жашында Розлинн Кобарубиас аттуу кызга үйлөнүп, андан Жошуа аттуу уулу бар. Уулу азыр 25 жашта. Бирок Розлинн экөө көп өтпөй эле ажырашып кетишкен. Ажырашууга Жеймдин такыр үйгө турбаган гастролдору себеп болгон деп айтылат. Андан соң Жейм Ксюша Кондитерова аттуу орус сүрөтчү кыз менен жолугуп жүргөн. Ал тургай Жейм анын колун сурап, ага шакек салган. Ал экөөнүн ортосунда 6 жана 8 жаштагы 2 уулу бар. Ырчынын алсыз жагы спирт ичимдиктерин жана тамекини көп колдонгонунда. Жеймдин лакап аты – Taboo. Бизче которгондо “тыюу салынган” дегенди билдирет.
14-июлдун жылнаамасы.