Мындан 4 жыл мурун, 2014-жылдын 15-июлунда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 24кө жетип, жаракат алгандардын саны 150дөн ашкан. Кырсыктан көз жумгандардын ичинде Мээрим Арунова аттуу Кыргыз жараны да болгон. Курман болгондордун жакындарына 1 миллион рублдан, ал эми жаракат алгандарга 500 миң рублдан компенсация төлөнүп берилери убадаланган.
Орусиянын социалдык саясат боюнча вице-премьер-министри Ольга Голодецтин айтымында, жаракат алгандардын арасында Орусия Федерациясынын 12 аймагынын тургундары жана Украина, Молдова, Кыргыз өлкөсү, Тажикстан, Өзбекстандын жарандары бар. Ал эми каза болгондордун экөөсү Кытай менен Тажикстандын жарандары болгон.
15-июлдун жылнаамасы.