Бүгүн эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров 32 жашка толду. Ал 1986-жылдын 16-июль күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылында төрөлгөн. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду: "Туулган күндү белгилөө түндө эле башталган. Досторум менен биргеликте кафеге барып футбол көрүп, саат жебеси 12ни какканда ошол жерден эле досторум куттуктап, маанайымды көтөрүштү. Ал эми бүгүн эртең менен мени жарык дүйнөгө алып келген апама белегимди берип куттуктап келдим. Апам азыркы учурда бир аз сыркоолоп ооруканада жаткандыктан ал жакка барып апамдын жана дарыгерлердин маанайын көтөрүп, аларга ыраазычылыгымды билдирип, сый тамак уюштуруп бердим. Ал эми туулган күнүмдү бүгүн кечинде жакын санаалаштарым менен биргеликте Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринен өткөрүүнү пландап жатам".

Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
- Тамактын дээрлик бардык түрүн, болгондо да абдан ширин кылып жасайм. Бул мактангандык эмес, бирок манты, оромо, лагман өңдүү тамактардын түйшүгү көп болгондуктан эринем. Бул жөндөмдүн калыптанышына үйдүн кичүүсү болгонум себеп болду. Бир туугандарым өз жолу менен кеткенден кийин апам экөөбүз калдык, кээде ал бир жакка чыкканда тамакты өзүм даярдап койчумун.

- Жашоомдун эң татаал мезгили Екатеринбург шаарында өттү. Анда мен 9-классты аяктагам. Ал жакта кийим сатып иштечүмүн. Базардан ар кандай кийимдерди алып, Москвадан алысыраак шаарларга барып товарларды көчөгө жайып алып сатчумун. 3 күн иштейсиң, кайра келип товар аласың. Кайсы шаардын тургундарына эмне керек экенин билип калгам. Ошентип 3 жыл иштеп акча топтоп "Дордойдон" контейнер алып, Кытайдан товар ташып, жеке ишкерлик кылып баштагам. Бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин, биринчи жолу силерге айтып жатам. Көп нерсени түшүнбөсөм дагы, акча кайдан, кантип келерин эрте эле түшүнгөм.

- Атам каза болуп калган. Баары бир атаңды сагынат экенсиң, көп эстегим келбейт. Ал эми апама көп нерсе жага бербейт. Ошондуктан каражат берип турам, өзүнө жаккан нерсесин алат. Алтын, күмүш жана башка белектерди берип эле келем. Негизги чоң белек – менин амандыгым болсо керек.

- Мен эмнени байкадым, жашым 30га келсе да шашып үйлөнүптүрмүн. Жанара экөөбүз болгону 5 ай сүйлөштүк. Бул бири-бирин таанууга аздык кылат экен. Кээде мен Жанараны таптакыр тааныбагандай сезилет. Ал дагы мен жөнүндө ошондой ойлойт. Үйлөнгөнүмө өкүнбөйм, бирок бири-бирибизди жакындан тааныгандан кийин үйлөнсөк болмок экен деп калдым. Мага жактыруу бат келет. Бирок аны мен сүйүү деп эсептебейм. Мисалы, бирөөнү жактырып калсам, бир апта жинди болом да, анан коё берем. Сүйүүнү үй-бүлөлүк бакыт деп билем. Апама, бир тууганыма, жубайыма, балама болгон сезим. Бул сезимдер эч качан эскирбейт.
Сүйөм сени”, “Студенттик күндөр”, "Ананай", "Кара көз" жана башка чыгармалары менен элге белгилүү болгон ырчы КАУнун психология факультетин аяктаган.

Дайыр 2016-жылдын сентябрь айында Жанара аттуу бийкечке баш кошуп, бир уулдуу болгондон кийин жаш жубайлар ажырашып кетишкен.
16-июлга карата жылнаама.