Ноокатта никесиз төрөгөн кызды өлтүрүүгө шектелген эне-балага адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат катчысы билдирди.
"22 жаштагы А. кызы Ш.нын өлүмүнө шектелип Ноокат районунун Бел айылынын 1971-жылы туулган А.З. (маркумдун апасы) жана 1994-жылы туулган А.М. аттуу (маркумдун агасы) тургундары кармалган. Маркумдун апасы сурак учурунда кызы акыркы күндөрү аларга баш бербей, каалаган убакта үйүнөн чыгып кетип жүргөнүн айткан. Ушул жылдын май айында кызы белгисиз жарандан уул төрөгөн. Бирок төрөт үйүнөн эле баланы өз каалоосу менен багып алам деген үй-бүлөгө өткөрүп берген. Кызынын ыплас ишке барганына ачууланып, аны коркутуп коюу үчүн колу-бутун байлап, баласы менен айылдагы каналдын жээгине түнкү саат 12де алып барышканын айткан", - дейт маалымат катчы.
"Ал эми каза болгон кыздын агасы апасына жардам берип, карындашын каналдын жээгине көтөрүп алып барган. Суунун жээгине барганда ал карындашынын таңылган колун чечкен. Ошол учурда апасы кызды сууга түртүп жибергенин айткан. Соттук-медициналык экспертиза кыздын денеси сууда 10-12 күн жатып калганын аныктаган. Учурда аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - дейт басма сөз катчы.
Эске салсак, Ош облусунун Ноокат районунда 22 жаштагы кызды апасы менен агасы никесиз төрөгөнү үчүн өлтүргөн.