Ноокатта 22 жаштагы кызды апасы менен агасы никесиз төрөгөнү үчүн өлтүргөн

Ош облусунун Ноокат районунда 22 жаштагы кызды апасы менен агасы никесиз төрөгөнү үчүн өлтүргөн. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, маркумдун жансыз денеси Ноокаттагы суу сактагычтан табылган.

"22 жаштагы кыздын жансыз денеси суунун бетине калкып чыгып калганын көргөн күбөлөр укук коргоо органдарына билдиришкен. Жерине облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери барып, кыздын жансыз денесин алып чыгышканда анын буттары байланып, башы жарылган абалда болгон. Маркум суунун ичинде 20 күндөй калып калгандыктан, анын денеси суу бетине калкып чыгып калган. Тергөө иштерине ылайык, окуяга шектүү катары маркумдун 47 жаштагы апасы жана 24 жаштагы агасы кармалган. Сурак учурунда 47 жаштагы аял кызын өлтүргөнүн моюнуна алган. Ал кызы турмушка чыкпай жатып никесиз көз жарып алгандыгы үчүн коркутуп коюу максатында бутун байлап, сууга агызганын айткан. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми маркумдун апасы менен агасы убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - дейт басма сөз кызматы.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат. Басма сөз кызматынан билдиргендей, маркум 5 маал намаз окуп жүргөн. Анын апасы жергиликтүү мектептердин биринде мугалим болуп эмгектенет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (49)
nurtilek.kursanbekov
2018-07-18 08:21:55
апасы агасы кылганына ишениш кыйын милициялар эле коркутуп мойнуна алдырышкан 100% олтурушу мумкун агасы бирок апасы эч качан озунун баласын олтурбойт милициялар жакшы шылтоо тапкан экен
+3
nurtilek.kursanbekov
2018-07-18 08:24:34
Никесиз торогонду эмес ошол эрекекти олтуруш керек эле
+6
zhykyo
2018-07-18 08:35:47
Атасын табыш керек кыз намаз окуса ким анан атасы мм мумкун бетим ачылат деп олтуруп коюшкан
+5
altyn7776
2018-07-18 09:03:15
zhykyo, эми таппайт...ошого жетишишти
0
Hanzada.sabih
2018-07-18 08:35:58
ХХХХХХ ХХХХХ никесиз тороп, балдар тируулой жетим жургончо, ХХХХХХХХХ
-1
Abdusamat.kg
2018-07-18 18:12:10
Hanzada.sabih,Бирөө зордуктап койсо анан боюнан алдырабы 5 маал намаз окуган кыз.ХХХХ ХХХХХ Күнөө бизде , эркектердин эшектеринде
+2
aiturgasha
2018-07-18 09:12:05
Агасы намыстанып олтуруп коюшу мумкун. Анткени менин агаларым да ото намыстуу болуп, кочодо жургонунду корсом , балдар менен суйлошконунду уксам капа болосун менден дешчу. А бирок апасычы? Ал апа го. Кантип колу барды? Кантип шерик болду?
+1
zhykyo
2018-07-18 09:24:05
aiturgasha,Кылып коюп олтуруп коюшу мумкун намыстанбай эле
0
bakulya2015
2018-07-18 09:38:33
Тообо кылдым. Баарына ынсап берсин Аллах. Байкап жатасыздарбы кундо олум жанан олум болуп жатат. Кудай сактасынчы
+1
jengoo
2018-07-18 09:45:20
Туура кылган мен деле ошентмекмин.
-2
DUNI
2018-07-18 10:08:21
Ноокатта 280000 эл жашайт. ар турдуу адам бар дегендей. баарыбызга ынсап берсин кудай
0
meni_kut
2018-07-18 11:57:54
DUNI,мен Ноокаттыкмын ,сен апырттын досум
+1
Eli.91
2018-07-18 12:15:03
5 маал намаз окуса значит жашыруун тирдо нике окутушуда мумкун,бул жагын бир Аллах билет,ата-энеси каршы чыкса,балким жашыруун нике окутуп турмуш куруп никелуу эле балалуу болсо керек,баарыбыз билип билбей соз кылып куноолорун которбойлу,андан коро тообо кылып ыйман келтирели?
-1
churagum
2018-07-18 12:38:28
Билип,билбей айта бербейли туугандар..Балким ал кыз зомбулука кабылып,боюнда болуп калгандыр..Эмнеси болсо да бар акыйкатты билуучу жалгыз Жараткан.
+1
Unutbay
2018-07-18 12:45:56
Урматтуу Ата-Энелер, ушундай абалга жеткирбеш учун жана ушундай абалда калбаш учун балдарга башынан тарбияланыздар, туура жол корсотуу керек! Болоор иш болуптур сабырдуулук кылсаныздар болмок экен эхх окунучтуу! Жашында тарбиялай албасак чонойгондо жазалаганга акыбыз жок деп эсептейм!
+3
admin_superstan
2018-07-18 13:09:48
Elaigun1991,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
+1
admin_superstan
2018-07-18 13:11:01
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Билдирүүлөр тазаланды! Порталдын эрежелерин сактагыла!
+1
MKW.MYRZAiYM
2018-07-18 14:58:35
динге берилген фанатиктер окшойт да.
+2
Abdusamat.kg
2018-07-18 18:11:12
Бирөө зордуктап койсо анан боюнан алдырабы 5 маал намаз окуган кыз. ХХХХХХХХХ Күнөө бизде , эркектердин эшектеринде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан