Ноокат районунда киши колдуу болуп каза болгон 22 жаштагы кыз психикалык жактан жабыркап, каттоодо турган. Анын өлүмүнө шектелип маркумдун апасы менен агасы кармалган. Бул тууралуу 18-июлда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Апасы жана агасынын колунан каза болгон 22 жаштагы А.кызы.Ш. психикалык жактан жабыркаганы анык. Ал 2017-жылдын январынан бери ооруканада каттоодо турган", - деп билдиришти ОИИБден.
Эске салсак, 22 жаштагы кызды апасы менен агасы белгисиз адамдан никесиз төрөгөнү үчүн өлтүргөн. Алар сурак учурунда күнөөлөрүн моюнуна алышканын басма сөз кызматы маалымдаган.