Бүгүн "Аман калуу" телесериалына тартылуу менен атактуулукка жетишкен америкалык белгилүү актёр Жошуа Ли (Жош) Холлоуэй 49 жашка чыкты.
Ал 1969-жылы 20-июлда АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Хоседе төрөлгөн.
Үй-бүлөсү тууралуу: "Мен ар бир үйдө жок дегенде бир кемчилик болуусу керек деп ойлойм. Себеби ата-энем жана эки бир тууганым компьютердик технология жаатында эмгектенишет, чыныгы интеллектуалдар. Кичүү иним Жоржияда ядролук энергияны иштеп чыгуу боюнча адис. А мен электрондук почта аркылуу катты да кыйынчылык менен жөнөтөм" деген ал.
Карьерасы
Тасмага тартылууга жаш кезинен кызыгып баштаган. Мектепти аяктагандан кийин Жоржия университетине тапшырып, бирок моделдик агентствого жагып калып окуусун таштап койгон. Алгач Лос-Анжелеске келип "Доктор Бенни" аттуу комедияга тартылат. Кийин "Муз жүрөк" тасмасында, "Жакшы кыздар ыйлабайт", "Периште" телесериалдарында роль жаратып, "Aerosmith" тобунун "Cryin" аттуу клибине тартылган.
Бирок чыныгы атактуулукту ага "Аман калуу" телесериалындагы Сойердин ролу алып келген. Ал бул ролу менен "Алтын глобус" жана "Эмми" сыйлыгынын лауреаты болууга жетишкен. Бул образды жаратууга көптөгөн актёрлор ат салышкан. Алардын катарында Мэттью Фокс, Доминик Монаган жана дагы Хорхе Гарсиа болгон. Бирок кастингге акыркы болуп келгенине карабай берилген монологду эң мыкты деңгээлде көркөмдүк менен окуп берген. Кастинг токтотулуп, ролго татыктуу катары дароо Жошту тандашкан.
Тасма талаасында акцент менен сүйлөгөнү үчүн бир аз кыйналган, бирок муну байкаган режиссёрлор аны тартынбоого, кандай көнгөн болсо, ошол өзгөчөлүк менен сүйлөөгө көндүргөн. Анын акцент менен сүйлөгөнүн киножаратуучулар башкалардан айырмалоочу типтүү көрүнүш катары кабыл алышкан.
Ал өзү аткарган ролу тууралуу: "Сойер - чындыгында жарык жана кызыктуу персонаж. Аны бир эле учурда ачуулуулугу үчүн жек көрүп, ошондой эле жагымдуу сүйлөө тембри жана келишимдүү келбетин көрүп жакшы көрүп калууга болот" деп сүрөттөйт.
Ушундан тарта көптөгөн режиссёрлордон тасмага тартылууга сунуштар түшө баштаган.
2006-жылы "Икстин адамдары: Акыркы салгылашуу" фильмине тартылууга сунуш түшкөн, бирок актёр андан баш тарткан. 2007-жылы "Шыбыроо" тасмасына тартылган.
Жетишкендиктери
2005-жылы "People" журналы Жош Холлоуэйди планетанын эң сулуу 50 адамынын катарына кошкон.
2006-жылы "In Touch Weekly" журналы Жошту телеберүүлөрдүн эң сексуалдуу жылдызы деп атаган.
2010-жылы "Аман калуу" сериалында жараткан кайталангыс образы үчүн "Сатурн" сыйлыгына татыган.
Жеке жашоосу
2004-жылы индонезиялык сүйүктүүсү Йессика Кумаланын колун Гавайи аралында тасмага тартылуу учурунда сурап, экөө аз өтпөй баш кошушкан. 2009-жылы Ява Кумала аттуу кыздуу, 2014-жылы Хантер Ли ысымдуу уулдуу болушкан.
Хоббиси
Сууда сүзүү, кайыкта сүзүү, сноуборд тебүү жана мотоцикл айдоону жактырат. Согуш өнөрлөрүн өздөштүрүп, гитарада мыкты ойнойт. Пиво ичүүнү жана таттууларды жегенди жактырарын жашырбайт.
20-июлга карата жылнаама.