Каза болгон Уланбек Эгизбаевдин өлүмүн Ички иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.
"19-июлдан бери Уланбек Эгизбаев жубайы экөө "Акун" пансионатында эс алып жатышкан экен. Бүгүн алар кетүүгө даярданып жатышыптыр. Жолго чыгардын алдында маркум көлгө түшүп келгени кетип ошол учурда чөгүп кеткен. Анын чөгүп жатканын жээктеги эс алуучулар көрүп, куткаруучуларды чакырышкан. Куткаруучулар алып чыгып, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага алып жөнөшкөн. Ал ооруканага барганда каза болгон. Жубайы ошол учурда алар жашап жаткан бөлмөдө болгон. Азыркы учурда иликтөө иштери башталды. ИИМ окуяны өз көзөмөлүнө алды", - деди Бакыт Сейитов.
Ал эми ӨКМ аталган даректен чакыруу болбогонун айтты.