super.kg logo

Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев каза болду

 

"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаев бүгүн, 22-июлда каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Уланбек Эгизбаев саат 14:00 чамасында Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган.

2013-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

2015-жылы Бишкек Гуманитардык университетинин Саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

2016-жылы дүйнөлүк Интернет-Оскар сыйлыгын алган.

2018-жылы публицист жана жазуучу Кален Сыдыкованын “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болгон.

"Азаттык" радиосунун Бишкектеги кабарчысы, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы үчүн бир катар иликтөөлөрдү жасап келген.

Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.

SUPER.KG порталынын эмгек жааматы Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -6 
Комментарийлер(85)
22.07.2018. 21:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
170
Катталган:
17-07-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:10
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ой тобоо андан алдың эле бош конверт келди деп окуп кайра эле каза болду дегениңер эмнеси. Жүрөк ооруп кетти. Атайылап өлтүргөн болсоңор Алла жазаңарды берсин эки дүйнө тозоктун отунда күйгүлө жакшылык көрбөгүлө ылайым. Уландын жайы жаннатта болсун Аллахым сурактарыны жеңил кылсын. Арбак уктатпасын өлтүргөндөрдү
22.07.2018. 21:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+8
Жөн эле сууга чөккөнүнө ишене албай турам.
22.07.2018. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
07-07-2012
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:53
Жынысы:
Белгисиз
+7
Су уууки олуруп эле коюшту
22.07.2018. 21:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:21
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атайын өлтүрүштү. Жылдыз өчтү кыргыздын чыгаан жигитин олтурушту.азап болсун акмактарга
22.07.2018. 21:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
07-06-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:10
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыр окуп ишенбедим болчу чындык экенда Аллахым билип билбей кылган күнөөлөрүн өзү кечирсин
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-23 03:03:07
22.07.2018. 21:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
20-01-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:14
Жынысы:
Белгисиз
+5
Арты кайрылуу болсун, терен кайгыруу мн уй булоосуно конул айтам!!! Кыргызстанда чыныгы эр журок духу бар 2 адам болсо биринчиси С Жапаров экинчиси Ушул Журналист болчу коркпой уркпой сатылбай чуулганду иштердин баарын иликтеп чыккан! Ушул окуяны президент озунун козомолуно алып иликтеш керек.
22.07.2018. 22:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
20-08-2018 14:59
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жерин жайлуу болсун алахым бейишинден оорун берсин келечегин кен эле кыргыз эли оор жоготтууга учурады сен мыкты журналис элен уйболосуно терен
кайгыруу менен конул айтам
22.07.2018. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
26-09-2018 01:37
Жынысы:
Белгисиз
+3
Журогум ооруп турат.
22.07.2018. 22:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
07-06-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:40
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окуп аябай жаман болдум... Жайы жаннатта болсун, Омин...
22.07.2018. 22:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
26-09-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы жигит болчу.атайн эле өлтүрүп койушту бул баланы
22.07.2018. 22:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
239
Катталган:
10-03-2015
Соӊку аракети:
21-09-2018 08:01
Жынысы:
Белгисиз
+3
Киши колдуу болгон окшойт, окунучтуу, абдан окунучтуу...кыргыздын курч жаштары кыйрап калууда.
22.07.2018. 23:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
17-11-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 19:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Жакын бир боорумду жоготкондой эле жүрөк сыздап турат. Үй-бүлөөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Кырсыкпы? Же кокустукпу... бир сыр бар болсо тыкыр иликтеп арам ойлууларды абакта чиритиш керек!
22.07.2018. 23:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-02-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Питер
+3
Аябай курч журналист эле..мен аябай баалаган адам эле..жаткан жери жайлуу болсун.(мен ишенбей жатам).аябай окунучтуу.!
22.07.2018. 23:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
24-01-2016
Соӊку аракети:
26-09-2018 07:49
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишенбей турам келечектен копту умуттондургон жигит эле
22.07.2018. 23:40 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
04-07-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 14:40
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чондор абдан "оперативно" иштейт экен. Бир сааттын ичинде ишти бутуруп койдуго! Даже Атамбаевдин убагында да мындай болгон эмес!!!
JackTheRipper түзөттү 2018-07-22 23:44:53
22.07.2018. 23:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
03-01-2018
Соӊку аракети:
26-09-2018 02:17
Жынысы:
Белгисиз
+4
бул Заказной болгонго чондор жеп тыныптырда
22.07.2018. 23:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
26-09-2018 03:06
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кабыргам кайышып,жаным кейип турат! Улан сенин ордуна 10 чиновник олсо мынчалык кайгырбайт элем. Журогундо жалыны,тилинде моору бар курч жигит элен. Журогу тоодой буркут элен. Жаш жанынды майтарышты,курч калеминди кургатышты. Тойбостор артындагы элинди томсортушту аны журок сезип турат. Чындык деп чыркырап кете бердин. Элесин биздин эсибизде калыстыктын символу болуп кала берет!
Жаткан жерин жайлуу болсун! Аллахым куноолорунду кечирип жаннаттан орун берсин!
23.07.2018. 00:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
08-06-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кара балта шаары
+3
Эх аллаа
23.07.2018. 00:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
274
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
25-09-2018 16:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкекстан
+6
Журок ооруп , коздон жаш агып отурган чак.
23.07.2018. 00:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
409
Катталган:
08-11-2013
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Эмнеге чокмок эле ууландырылган окшойт .
Бир боорубуздан ажырадыкпы дагы чындык учун курошкон аттин
23.07.2018. 00:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
17-12-2017
Соӊку аракети:
02-08-2018 12:02
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kim olturtso uiundo koz jawtan arilbasin,Allahim tezirek jazasin bergor owol adamdin.Jakinindan ayrilgan kandai ekenin kop jolu tattir owol adamga.oooomin.
23.07.2018. 00:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
17-12-2017
Соӊку аракети:
02-08-2018 12:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
ичим ачышып жаман болтам.Жаткае жери жайлу болсун.Отоо оор жоготу болду
23.07.2018. 00:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
05-01-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 15:59
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.
23.07.2018. 01:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
09-12-2011
Соӊку аракети:
24-07-2018 20:14
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым бейиштен орун берсин , озунун олуму менен олбосо олтургондор эки дуйно жазасын алсын кыргыз элинин чыгаан улуу баарын сыздатып кете берди.Жакшы адамдын омуру кыска болот ушундан коро улам чекесинен кармалып жаткан жеп жуткандар олсо жакшы болмок
23.07.2018. 02:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
11-12-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:56
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акыйкатта Аллах баарын коруп билуучу зат. Чондор жеп ичкендер, менмин дегендер Аллахтан КОРККУЛА! Аллахтын азабынан корккула. Аллахтын астына силер да барасынар. Ондон таптынарбы же солдон таптынарбы жооп бересинер. Силер да азап тартчу кун келет Инш Алла.
23.07.2018. 06:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
17-12-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 20:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Өттө өкүнүчтүү. Жанын жаннатта кылсын жараткан.
23.07.2018. 10:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
28-03-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 15:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы чыгаан журналисттен айрылдык.Чыгаан жигит эле. Издесекда таппайбыз Уландай жигитти. Эх тируу эле болуп калсачы.
23.07.2018. 10:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 18:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда ишенбей жатам сууга чөгүп каза болгонуна киши колдуу болуп каза болду окшойт,туура эмес иш кылып жүргөндөр сүйүнүп жатса керек кутулдук деп. Жакындарына көңүл айтам Уланбек жаткан жерин жайлуу болсун!
23.07.2018. 13:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
03-07-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Угуп алып шок болдум.Баш которуп чындыкты айткан жигиттерибизди жогото беребизби
23.07.2018. 18:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
16-08-2018 11:21
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай окунучтуу, кайра тирилип келсе кана!!! Аттин АРМАН!!!!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: