Кыргыз балбаны Мурат Рамонов Түркияда өткөн эл аралык мелдеште коло медалдын ээси болду

Кыргыз балбаны Мурат Рамонов Түркиянын Стамбул шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште коло медалды тагынды.

130 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Рамонов, тилекке каршы, алгачкы беттешинде эле жеңилүү ызасын тартып калган. Бирок анын атаандашы финалга өтүп Мурат Рамонов көңүл жубатуучу раундда күрөштү. Анда Рамонов казакстандык Мансур Шадукаевди утуп, коло медаль үчүн күрөштө латвиялык Мантас Кнустаутас менен кездешти. Кызуу беттештин жүрүшүндө Рамонов 3 упай топтоп, 1 упай топтогон атаандашынын үстүнөн жеңишке жетти.

Муну менен Мурат Рамонов коло медалдын ээси болду. Ал эми буга чейин аталган мелдеште коло медалды Калы Сулайманов дагы тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан