Кыргыз балбаны Калы Сулайманов Түркиянын Стамбул шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште коло медалдын ээси болду.
Калы Сулайманов 63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттеште түркиялык Онур Аталайды жана чейрек финалда дагы бир түркиялык балбан Абдурахман Алтанды утуп алды. Жарым финалда Сулайманов, тилекке каршы, азербайжандык Тали Маммадовдон жеңилип калды. Бирок коло медаль үчүн күрөшүп, украиналык Дмитро Цумбалюктун үстүнөн жеңишке жеткенге үлгүрдү.
Муну менен Калы Сулайманов 3-орунда жайгашып, коло медалды тагынды.