Ысык-Көлгө дагы эки адам чөгүп каза болду

22-июлда Ысык-Көлгө дагы эки адам чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, саат 17:08 чамаларында Ысык-Көл районундагы “Академия Наук” пансионатындагы кум жээктен 1981-жылы туулган Т.А. аттуу (эркек) жаран көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине ӨКМнын №31 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана ӨКМнын Суучулдарды даярдоочу борборунун куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышкан.

Ошондой эле саат 18:45 чамасында “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатынын жээгинде 1947-жылы туулган Ш.Т. аттуу (эркек) жаран көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштеринин натыйжасында чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылып, анын сөөгү да ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, "Азаттык" радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев да 22-июль күнү Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
vikidiki
2018-07-23 10:10:36
Жайлары жанната болсун! Негедир чогуп каза болгондор, авария болуп аркы дуйного кеткендер, дегеле кырсыктар коп болуп атат. Аллах аман эсен кыла кор, озун колдой кор элимди, жакындарымды!
+2
aszyma
2018-07-23 10:11:33
Булар просто алаксытуу эле. Журналлисттин өлүмүгө окшоштуруп эле чыгарды муну.《 Эркектерда чөгүп кетет мына дегендей эле》. Типа Улан Эгизбаевдин сууга чөгүп кетип өлгөндүгүн ишендирүү максатында жайылтты бул маалыматты.
+26
monster_high_98
2018-07-23 10:39:38
aszyma,+++Элди ото эле анкоо ойлоп,озулорун акылдуу сезип жаткандагысы да,элестеткиле сузушту билген адамдар эле чогуп жатышса!?Жаш бала же аял чоксо ишенет элем,уюштурулганы билинип эле турат сааттары шайкеш келген убакта эки эркек киши сууга чокту.Ушунча адам олтургондор тынч уктабай калышсын!
+16
titanik32
2018-07-23 10:23:30
Эшеги менен көлгө келген жергиликтүү тургундун да эшеги чөгүп кетиптир деп биротоло жазып койгула эл алаксыйт.
+12
kazakov1991
2018-07-23 10:35:40
ушул жашка келип кол сезон маалыда адам сууга чогуп каза болуптур деп уккан эмес элем кече 3 адам чогуп каза болгону табышмактуу
+8
MaksCharbak85
2018-07-23 10:43:53
Козунор мн коруп, колунар мн кармабагандан кийин ар нерсени айтабербегиле.
-1
Mongol1155
2018-07-23 10:45:00
Куткаруучулааар кайда? Пансионаттын жетекчилерин жоопко тартыш керек.
+6
Cherik.777
2018-07-23 11:04:20
Ысык кол эмес эле жан алгыч кол болуп барататко акыркы кундору...
+4
Kroxa
2018-07-24 03:20:59
Cherik.777,Оозуна таш ал Ыйык кол Ысык колдон айлангыла.. Бул буйрутма олумдор экенине мээн жетпей жатабы?? Бир кудай менен Улан жана олгон Адамдарга белгилуу...
-1
arawan
2018-07-23 11:05:00
бир кана кудай билет кудай озу жазаласын билбегенди айтып куноого батпайлы
+4
Mikra
2018-07-23 11:38:46
Уланбек жаткан жерин жайлуу болсун.корустондогу карупсия учун ачкан ишин артынан кеттин окшойт.Байкушум ай.ойноп куло турган чагында жакындарынды ыйлаттын.сендей эч ким корупсиянерлердин ишин ачыктабайт эми.коркушат.
+2
monster_high_98
2018-07-23 11:49:41
Mikra,Улан 119 чочконун коррупциялык иштерин ачып жургон коркпой,эгер Уланды кимде ким олтурсо ооо жогорудагы ХХХХХХХХХ бардык айлыгын берууго да даяр эле,алар куткондой Ысык Колдо шанс тузулду,алар олтурушту сууга чоктуруп,акчасын алышты всё!
+6
Chagylgan1
2018-07-23 11:47:14
Негизи куткаруучу деген болуш керек ар бир пансионатта. Ал куткаруучу колго тушуп жаткандарга коз салып жээкте турушу керек, случаи чего дароо адам куткарууга даяр болушу керек...
+5
admin_superstan
2018-07-23 12:56:16
Taku.14.02, далилсиз маалыматтарды жазууга болбойт! Билдирүүлөр өчүрүлдү!
0
Modric10
2018-07-23 14:20:21
47-жылкы дед жээгине эле жуунса болмок экен
0
Dembele84
2018-07-23 14:26:23
Менимче Уланбекти ошол ХХХХХХХХХХ
+1
Hatali
2018-07-23 20:08:49
Мен бир укканым бар эле водолаздар оздору суунун тубуно тартып кетип олтуруп кийин акчага издеп таап берет деп чето ошондой кылып жатышкандай сезилип жатат.
0
Modric10
2018-07-23 20:58:03
Hatali,кой ээ бул жагын кино болуп кетти го
0
Nazyk
2018-07-24 17:31:01
Жайы жаннатта болсун!Чынында эле биздин айылдагы бир аке чогуп кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан