Ысык-Көл ОИИБи журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратты

Ысык-Көл ОИИБи журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча атайын билдирүү жасады.

"Айрым адамдар өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп жатышабы, айтор социалдык тармактарда Уланбек Эгизбаевдин өлүмүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырып, атайын өлтүрүлгөндүгү жөнүндө жалган маалыматтарды таратышууда. Ушундан улам коомчулугубузду чындыкка дал келбеген маалыматтарга ишенбөөгө чакыруу менен, окуянын кандай болгондугу жөнүндө билдирүү жасадык", - деди басма сөз катчы.

Маалыматка ылайык, 22-июль күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Ысык-Кѳл райондук ооруканасынын "Тез жардам" бѳлүмүнѳн “Акун” эс алуу жайынан кѳлгѳ түшүп жатып, азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы адам кѳлгѳ чѳгүп каза болгондугун билдирген. Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге Ысык-Кѳл РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган.

"Ыкчам тергөө тобу 22-июль күнү болжол менен саат 13:30 чамасында 28 жаштагы “Азаттык” радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев “Акун” эс алуу жайынан кѳлгѳ түшүп жатып чѳгүп каза болгондугу аныкталган. Маркум жубайы Сапаргүл Абдинабиева экѳѳ 19-июлдан 22-июлга чейин эс алып жүрүшкөн. Кырсык болгон күнү болжол менен саат 11:00 чамасында ижарага алган бѳлмѳсүнүн ачкычын администраторго тапшырып, Бишкек шаарына чыгар алдында журналист дагы бир жолу көлгө түшүү үчүн барган. Кара-Ой айылынын тургундары 10 жаштагы Ж.Курманбектин жана 14 жаштагы А.Кудайбергендин айтымында, алар ошол күнү кѳл жээгинде эс алуучуларга жүгөрү сатып жүрүшкөн. Андан кийин алар көлгө түшүп жаткан мезгилде эс алуу жайындагы кѳлгѳ секирип түшүүчү пирстен 20 метр алыстыкта бир адам чабалактап кѳлгѳ түшүп жатканын кѳрүшүп, ал адамды ойноп жатат го деген ойдо кѳңүл бурушкан эмес. Бир аз убакыт ѳткѳндѳн кийин ал адам кѳлдүн үстүнѳ калкып чыгып калганын кѳрүшүп, ошол жердеги кѳлгѳ түшүп жаткан чоң кишилерге айтышып, ал жерден үч киши кѳлгѳ кирип Уланбек Эгизбаевди жээкке алып чыккандыгын айтып беришкен", - деди Сталбек Усубакунов.

Ошондой эле Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын 22 жаштагы тургуну А.Сыргактын айтымында, аларга кичинекей балдар көлгө бир киши калкып калды деп айтканда эле үч адам болуп, ал адамдын денесин көлдүн жээгине чыгаргандыгын айтышкан. Ошондой эле “Акун” эс алуу жайынын кызматкерлери суудан куткаруучу Т.уулу.Бакай жана медайым Ж.Назгүл сууга чөккөн адамды куткарып калуу үчүн жасалма дем алдырышып, биринчи жардам кѳрсѳтүшкѳн, бирок андан эч натыйжа чыккан эмес.

Кийинчерээк көлгө чөккөн журналист Уланбек Эгизбаев экени аныкталып, анын сөөгү Ысык-Кѳл райондук ооруканасынын өлүкканасына алып келинген. Ошол убакта Эгизбаевдин бир тууган эжеси Түп районунун Сары-Дѳбѳ айылынын тургуну К.Назгүл келип, ѳтүнүч арыз менен кайрылган. Арызында, инисин Бишкек шаарынын соттук-медициналык экспертиза борборунан тийиштүү экспертизадан өткөрүлүшүн көрсөткөн. Аталган факт Ысык-Кѳл РИИБинде катталып, Улан Эгизбаевдин сөөгү Бишкек шаарынын соттук-медициналык экспертиза борборуна жеткирилген деп кошумчалайт басма сөз катчы.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдѳ.

Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
rysik79
2018-07-23 12:53:06
Заказ, буйрутма, козун тазалашты айбандар.
+7
Kymyzkyz
2018-07-23 13:13:26
Таң калыштуу, биринчи ооруканага жетип каза болду деп айтышкан экен, эми сууга калкып чыгып калыптыр,биринчи жардам берүүдөн натыйжа чыккан эмес дешкени эмнеси? Буюртма экени сокурга деле көрүнүп эле турбайбы.
+11
rysik79
2018-07-23 13:27:41
Журналисттик иликтоо тергоочулордун иликтоосун талаага калтырат да. Бир нерсенин учун тапкан ошол себептен сууга чокту кылып коюшту. Жайын жаннат болсун. Кан узатпайт жарыка чыкса экен баары. Чындык чыркырайт деген ушул экеен.
+8
aiza16
2018-07-23 13:36:54
Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун. Коррупциялык иштерди коруп билип туруп ооз жузундо айтып чара корбой журо берген кул муноз эл экенбиз. Эшегине жараша тушагы дегендей бийлик башындагы чиновниктерди коптургон элдин озундо айып.
+7
Leilektik
2018-07-23 13:55:19
Улан Эгизбаевдин келинчегиден сурап коруш керек экен эмне болгонун ,Улан сууда кандай сузчуу?,Уландын эч жери ооруган эмес беле?,Улан эмне учун ошол 20метрлик аралыктан секирди?
+6
kuba1983
2018-07-23 14:14:49
Урматту Кыргыз элинин башчысы Сооронбай Шариплвич Жээнбеков, ушундай кылмышпы же кырсыкпы ИИМне озунуз коз салып , озунуз бир чындыкты эл алдына чыгышына себепкер болсонуз, кандай гана жаш, кучтуу, Кыргыздын келечегине керектуу улан кыздарыбыз, оз кызыкчылыгын ойлогон оз курсагын ойлогог же болбосо жеп эч бир тойбогог акмактардын айынан жок болуп баратат бул эмне деген шумдук.
+3
Gulnyr19
2018-07-23 15:25:28
Кечээ эле больницада өлдү деп жаттыңар бүгүн башкача маалымат таркатып жатасыңар кандай түшүнсө болот муну
+3
alibekova94
2018-07-24 13:06:01
Gulnyr19, Ар турдуу актануу..
0
Bayazet
2018-07-23 15:41:44
Дачасуда 100 го жакын адам олду эстен чыкты уже бул жигитда сууга чокту менен калатко чындык жоооооооок
+5
Cleo-13
2018-07-23 16:30:14
Сапаргулдун куйоосу турбайбы
0
Kroxa
2018-07-24 02:27:12
Негизи бул жерде таза соз жок кыскасы.. Абдан кыйын Журналист эле арбагын сорсун ким кылса да коруп турган жалгыз озундон Жана Кудайдан башка кубо жок.. Кудай бар экени чын болсо жазасын берсин.
+1
Mehazahn57
2018-07-24 02:36:55
Балким озунун ажалы менен олгондур сууга чогуп туугандар. Буттары, колдору туйулуп калып чогуп кетиши да мумкун. Алдын ала бир деме деп айтыш кыйын. Куто туралы следствие буткучо куноого батпай.
0
Edward.14
2018-07-24 02:49:21
Канткен күндө дагы эң бир патриот жигитибизден айрылып калдык.Өтө өкүнүчтүү!(((
+1
Spartak16
2018-07-24 05:30:45
Менин оюмча өз ажалы менен эле өлгөн. Өлтүрчү киши мына азыр кетем дегенче күтпөйт эле. Келген кезинде эле чыгынмак. Улан почти кеткен экен да кетип жатып случайно оюн өзгөртүп келе калган экен. Чындап тапшырма алган киши өлтүргүч мынча күтпөсө керек. Бул менин жеке оюм.
-1
alibekova94
2018-07-24 13:07:26
Журогум ооруп чыкты. Жакындарына , Кыргыз элиме баарына сабыр тилейм.
+1
Shaa-82
2018-07-24 15:55:29
Ошо чабалактап атканда буттан тартып ажал менен алышпады бекен деген кумон ойлор туулуп атат. Эми аны бир Аллахым анан дагы бир озу билген бойдон кетти байкуш. Жаткан жери жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан