Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон журналист Уланбек Эгизбаевдин көлгө түшүп жаткандагы видеосу ИИМге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда ИИМдин 6 айдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында айтылды.
"Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча бардык иштер көрүлүп жатат. Экспертизанын алдын ала жыйынтыгына ылайык, журналисттин өлүмү сууга чөгүү деп болжолдонууда. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 1 айдан кийин чыгат. Ыкчам тергөө кызматы журналист чөккөн аймакты изилдеп жатат. Ошондой эле окуянын бардык күбөлөрүнөн көрсөтмөлөр алынып жатат. Ал эми "Акун" пансионатынын видеокөзөмөлүнө түшкөн видео ИИМге өткөрүлүп берилди", - дейт криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев.
Эске салсак, "Азаттык" радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон. Анын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, сууга чөгүп каза болду деген болжолдуу жыйынтык чыгарган.