Биз социалдык тармакта

Депутат Бекешев: "Телефондорду каттоону акысыз кылуу керек"

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев телефондорду 100 сомдон каттоодон өткөрүү боюнча өкмөттүн токтомуна нааразы. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Өкмөт токтом долбоорун даярдап жатканда мыйзамдагы нормаларга таянышы керек. Каттоо төлөмдөрү жөн эле киргизилбей, жаранга пайда келтириши зарыл. Тейлөөдөн жарандар пайда көрүшү керек. Бул жерде өкмөт эле пайда көрөт. Өкмөт мындай жол менен көмүскө экономикадан чыгабыз деп жатат. Ооба, андай көйгөй бар, бир топ уюлдук телефондун бажы төлөмдөрү төлөнбөй келет. Бирок бул Бажы кызматынын көйгөйү. Биз буга уруксат берсек, анда башка органдар ушундай маселени көтөрүшөт. Телефондорду каттоо туура эле. Бирок каттоо акысыз болуусу шарт", - дейт Бекешев.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, жаран өз телефонун мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом каражат төлөшү керек болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Bakyi
2018-07-24 11:11:00
Акча менен өткөргөнү жакшы
Казынага да салым кошкон болот элек.
Карупсиялашпаса болгону......
Өлкөбүз үчүн 100сомдон берсек ашыкча болбос!!!
-7
Kuba-savai87
2018-07-24 11:17:58
Bakyi,ага кепилдик жок казынага тушот деген кимин бироонун чонтогуно кетет
+2
Chagylgan1
2018-07-24 11:40:10
Bakyi, сен элдин атынан суйлобо, озундун атындан суйло!!! Ошол 100 сом болуп чогулган акча каяктагы Кочмондор оюну сыяктуу болбогон нерсеге жумшалат же ЖЭБди жанылоодо уурдалган миллиондор сыяктуу ким бироонун чонтогуно кетет. Болбосо ашка жук башка жук жепжутарларга маяна катары кетет. Так что кереги жок. Кимдин чонтогундо 100 сом ашыкча болсо, кайрымдуулук акциясын откоруп акча чогултуп бергиле ошол "бечара" бийликке!!!
+2
taalay25
2018-07-24 12:32:53
Bakyi,бир курсагы жер чийген акмакка кетет ал акчан
+2
Kuba-savai87
2018-07-24 11:23:06
Сунуш, бекер каттоо кылгыла алты ай же бир жыл ичинде каттодон оту боюнча ага чейин отпосо 100сомдон толосо болот. Чет мамлекеттен келген телефондорго сразу толой турган кылып койсо болот. Азыр мисалы Кыргызстанда 3 миллиондон ашык телефон иштетилет эн аз дегенде, Эми көбөйт 100сомдон. Ушул сумма казынага тушот деген кепилдик жок да.
0
Chagylgan1
2018-07-24 11:41:20
Kuba-savai87, вообще каттоосунун да, 100 сом топтоонун да зарылчылыгы жок. Кимге керек каттоо?!! Мисалы мага вообще керек эмес!!!
0
maks94.kb
2018-07-24 11:35:43
Кайдагы телефонду айтып элдин башын айлантбагыла силерге баарыбир без толк иштейсинер силер каттатмактан копиясын алып калсанарда чындап келгенде закон иштебейт бизде
Азыр элдин баары Аза кутуп олтурганда башканы койуп буйрутма Берген канкордун бетини ачкыла
+3
Boha1
2018-07-24 12:00:06
Мамлекет каттаганда деле баары бир. Макул катташсын. Бирок жоголгон телефонду ошолор таап беришеби? Таап беришпейт. Менттерин акча сурашат бензин единица деп убара
+3
Dalil
2018-07-24 14:11:59
Ушуга окшогон министрди ким бийликке алып келди? Деги бизге ушундай элди ойлобогон өкмөт башчысы керекпи?
+3
Chagylgan1
2018-07-24 14:25:12
Dalil, Сокенин сунушу менен ЖК колдоп берди. Сокенин кадры...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан