ЖЫЛНААМА, 24-ИЮЛЬ: Жети жолу турмуш куруп, сегизинчиси менен сүйүү мамилесинде жүргөн америкалык ырчы жана актриса Женнифер Лопес 49 жашка толду

Теги пуэрто-рикалык болгон америкалык ырчы, актриса Женнифер Лопес 1969-жылы 24-июлда Нью-Йоркто туулган. Дүйнөгө атагы чыккан америкалык актрисанын балалык күндөрү бий менен байланышкан.

7 жашында бий өнөрүн мыкты өздөштүр­гөн Женни эки жылдан кийин чоң концерттерге катышып, апасын сүйүнткөн.

Ырчылык карьерасын 1987-жылы баштап, бир нече музыкалык сынактардын жеңүүчүсү аталган. Сегиз альбому ийгиликтүү жарык көрсө, дагы 3 ырлар жыйнагы угармандарына тартууланган. 2013-жылы Голливуддун Даңк аллеясындагы жылдыздардын бирине аты жазылган.
Женнифер Лопес чыгармачылыктан сырткары бизнес менен да алектенет. Ал 2012-жылы ресторан ачса, 2015-жылдан тарта айымдарга арналган кийимдерди жана парфюмдарды чыгарып келет.

Ал кино жаатында үзүрлүү эмгектенип 30дан ашык тасмада роль жараткан. 1998-жылы "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болгон.

Актрисанын жеке жашоосу коомчулукка жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кеңири жайылган. Ал 1997-1998-жылдары ошол кезде Майамиде тейлөөчү болуп иштеген Охани Ноа менен үй-бүлө куруп, бирге жашаган.

1999-жылы америкалык рэпер Жон Комбс менен сүйүү мамилесинде болсо, 2001-2002-жылдары Крис Жадд аттуу бийчи менен никеге турган.
2002-жылы Бен Аффлек аттуу актёр менен мамиле куруп, 2004-жылы Марк Энтониге турмушка чыккан. Түгөйлөр 2008-жылы экөө Макс жана Эмми аттуу эгиз балдардын ата-энеси болушкан. Тилекке каршы, үй-бүлө очогу көпкө тутанбай 2014-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Андан соң Каспер Смарт жана рэпер Дрейк менен мамиле курган.

2017-жылдын март айынан тарта бейсболчу Алекс Родригес менен кыз-жигиттик мамиледе.

24-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
mirlanpiter
2018-07-24 20:14:24
Кыздар окуп алып ,,ыы дегиле сүйүү бар экен эми таптыда деп
+1
Mydearzh
2018-07-24 20:27:04
1869-жылкы экендигин окуп тан калдым)
0
Mydearzh
2018-07-24 20:27:04
1869-жылкы экендигин окуп тан калдым)
0
tannuru1503
2018-07-24 22:47:00
неге тан калган деп кайра карап,1869ж.дегенди таппай койдум
+1
Ulan8383
2018-07-24 23:14:46
Дагы коп эрге тиет бу турушунда
+9
Fortuna1987
2018-07-24 23:47:43
Шикарная женщина. Бирок чыныгы суйууго жолугуп, бир омурдо аягына чейин барктап, ысык-суукту чогуу женген бактылуулукту билбей откону окунучтуу.
0
33SUUN
2018-07-25 00:44:07
Башка нерсесин билбесем дагы Женинин жамбашы дуйно жузу боюнча эн кымбат акчага страховкаланганын анык билемин.Аябай таланттуу кыз.
0
Modric10
2018-07-25 15:55:44
женифер 19 дагыдай эле экен дагы деле
+1
Modric10
2018-07-25 15:57:35
Алек Болдуин экоо пара болмок эле
+1
vikidiki
2018-07-25 16:37:51
Ырдагандан да, аткаруу чеберчилиги жагат. Кинолору сонун да бир!
+1
Akshumkar
2018-07-25 16:56:41
Мунун кесиби бир гана. Менять мужика каждый 5 минит.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан