Биз социалдык тармакта

25-июлда Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат

Эртең, 25-июлда Бишкектин бир катар райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ичүүчү суу саат 10:00дөн тартып 22:00гө чейин Кулиев көчөсүнө суу түтүгүн алып өтүү үчүн токтотулат.

Таза суу берүү төмөнкү райондордо убактылуу токтотулат:

- Жибек Жолу кең көчөсү;

- Токтогул көчөсү;

- "Ала-Арча" көрүстөнү;

- "Берекет" ишканасы, "Кыял" бирикмеси;

- Ленин райондук соту;

- №100 лицей;

- Ленин райондук салык инспекциясы;

- "Арпа" ишканасы;

- "Берекет-Гранд" ЖЧКсы;

- "Ош базары" ЖЧКсы;

- Индиянын элчилиги;

- №31 мектеп;

- "Берекет-Универсал", "Берекет" соода комплекстери;

- Калык Акиев көчөсү.

"Бишкексууканал" башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын суранат.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан