ЭЛДИК КАБАР: "Кадамжайда аял "үй шартында адамдардын ичегисиндеги куртун түшүрөм" деп дарылап, ден соолугуна кооптуу абал жаратууда" дейт окурман

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында медициналык колледжди эле аяктаган аял "адамдын ичегисиндеги курттарды түшүрөм" деп үй шартында клизма жолу менен дарылайт" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

"Инимди дарылатуу үчүн алып баргам. Үй шартында дарылагандыктан саламаттык үчүн толук кандуу жооп бербейт экен. Муну көргөн соң дароо баш тарттым. Ал адамдардын ичегисиндеги курттарды түшүрөм деп наристелерден тарта чоң кишилерге чейин дарылап, 4 миң сомго чейин акча алат экен. Ал эми дарылаган аял тажик улутунан болот", - деген билдирүүсүн калтырган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ekaterinburg
2018-07-25 15:20:36
Бовойт бу...
+3
Azatbek.Svoboda.
2018-07-25 15:26:33
Кыргыздар талаалап ак эмгеги менен иштеп туулган жерди сагынып журөбуз!Бул бакшылар жыргап биздин жерде элди алдап акчасын алып журушөт!
+7
Pamirlan
2018-07-25 15:47:25
Аябай кир, шакмар го идиштери, элди алдап акча табат экен да
+7
monster_high_98
2018-07-25 15:57:28
Мен да бир ооруум себептуу ушуга окшогон бир эмчи домчуга баргам,бир даарысын жазып берген,дары чоптордун аралашмасы деп,аны колдонуп алып олгондун устуно комгон кылган!Ошондон бери ушуга окшогондорго ишенбейм, мындайлар толтура, бирок арасында ааз болсо да бар чын дарылай алган,мисалы Дуйшонбек Чомо уулу деген беле,ошол да элдик медден кучтууго дейм!
+2
nurshoola
2018-07-25 16:22:01
Кабар жоноткон окурман Сецке да арыз жазгылачы кускун келетко
+4
Potriot.KGstan
2018-07-25 17:35:21
Июль айынын женуучусу аныкталды...
+2
ailin_2017
2018-07-25 18:50:40
курт тушурбой эле кайра куртататго бул турушунда бир гигиенаны сактап тазараак жерде дарыласа да ишенет элек
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан