ЖЫЛНААМА, 26-ИЮЛЬ: Голливуддун эң акылдуу айымы англиялык актриса Кейт Бекинсэйл 45 жашка чыкты

Бүгүн англиялык актриса Кейт Бекинсэйл 45 жашка чыкты. Ал 1973-жылы 26-июлда Лондондо төрөлгөн. Голливуд актрисаларынын ичинен бийик интеллект боюнча 2-орунда Натали Портман, 1-орунда актриса Кейт Бекинсэйл турат.

Мектепти аяктаган соң ата-энесинин жолун жолдоп актёрдук карьерасын баштаган. Алгачкы ролун 1991-жылы жарыкка чыккан Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу тартылган "Шамалга каршы жалгыз" тасмасында ойногон.

Анын көп тилди билүүсү карьерасынын жаңы деңгээлге көтөрүлүүсүнө жол ачкан. Ошентип тасма талаасында жаңы образдарды жаратууга киришкен.

Кейт Бекинсэйл "Башка дүйнө: Эволюция" ("Другой мир 2: Эволюция", 2003; 2006) фильминде кайталангыс образ жараткан.
Ал бир нече "Алтын глобус" жана 5 жолу "Оскар" сыйлыгына татыган. Көпчүлүккө "Авиатор" фильминдеги ролу аркылуу таанымал болгон. Бул тасмага тартылуу үчүн актриса 9 килограммга арыктаган.

"Интуиция же тагдырга ишенгендер" фильминде башкы каарман Саранын ролунда Кейт Бекинсэйл өзүнүн актёрдук чеберчилигин жогорку деңгээлде көрсөтө алган. Тасма сатыкта ийгиликтүү болуп, кирешелүү фильмдердин катарын толуктап мелодрама жанрындагы эң мыкты фильмдердин бири болуп калганында шек жок.

2002-жылы "Hello!" журналы Кейт Бекинсэйлди "Англиянын периси" деп атаган.

Кейт Бекинсейл жеке турмушунда актёр Майкл Шин менен сүйүү мамилесинде болуп, андан 1999-жылы Лили Мо Шин ысымдуу кыздуу болгон. 2003-жылы Майкл менен мамилесин үзүп, 2004-жылы "Башка дүйнө: Эволюция" тасмасынын режиссёру Лен Уайзманга турмушка чыккан. Бирок түгөйлөр 2005-жылдын ноябрь айында эки башка жолго түшкөн.

26-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан