"Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Ош шаарындагы №2-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери жумушка иш тартиби боюнча келбейт" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
"Ош шаарындагы №2-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери жарым сааттан бери жок. Жумуш убактысы саат 11:00дө башталмак. Дарыгер келе элек, балдарын ээрчитип кезек күткөн энелер көп. Ушундай жоопкерчиликсиз дарыгерлерге такыр чара көрүлбөйт. Дарыгер биринчи ирет кечигип жаткан жок. Ал дайыма ишке кечигип келет", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.