ЖЫЛНААМА, 30-ИЮЛЬ: Атактуу америкалык актёр Арнольд Шварценеггер 71 жашка толду

Бүгүн теги австриялык болгон америкалык актёр жана коомдук ишмер Арнольд Шварценеггер 71 жашка толду. Ал 1947-жылы 30-июлда Австриянын Грац шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Таль кыштагында Густав жана Аурелия Шварценеггерлердин үй-бү­лөсүндө туулган. Чоң спортко жолу ачыла электе эле ар бир күнүн дене тарбия көнүгүүлөрү менен баштаган. Ал эми 1961-жылы атактуу культурист Курт Марнул (“Австрия мырзасы”, “Европа мырзасы” титулдарынын ээси) менен таанышкандан кийин бодибилдинг менен машыгууну чечкен. Алгач спорттун бул түрүнө түз эле кирип кетүү мүмкүн эмес болчу. Анткени Арнольд өтө эле арык жана бою узун болгон. Кичинекей кезинен күжүрмөн эмгекчил жаш спортчу жумасына 7 күн 3-4 сааттан машыккан.Актёрдун жаш кезиАрнольд Америкага кетүүнү кичинекей кезинен эле самаган. Бул тилеги ишке аша электе 1965-жылы аскер кызматын өтөөгө чакыруу кагазын алат. Жашы 21ден ашып калгандыгына байланыштуу танк айдоочусу катары кабыл алышкан. Ал эми ал учурда Арнольд бир гана кичинекей масштабдагы сынактарга катышууну эмес, “Ааламдын мырзасы” титулуна ат салышууну көздөп, бодибилдинг менен андан да көбүрөөк машыга баштаган. Ал гана эмес “Европа Мырзасы” титулун алуу үчүн аскерден эч кимден уруксат сурабай эле кетип калган.Бир канча кыйынчылыктарды жеңип, 1967-жылы Арнольд Шварценеггер “Ааламдын мырзасы” титулун багындырып, өзүнө жеткидей акча таба баштайт. Көп эмгектердин артынан “Дүйнөнүн жана Европанын культуризм боюнча чемпиону”, “Ааламдын мырзасы” титулунун беш жолку жана “Олимпия мырзасы” наамынын 7 жолку ээси болууга жетишкен. Ошентип Арнольд бул учурда бир топ эле байлык чогултуп, бардык акчасына кыймылсыз мүлк ала берген. Андан тышкары түстүү журналдарга сүрөткө түшүп, “темир булчуңдуу” жылдызга айлана баштайт. Билим алууну да унутпастан, Санта-Моника колледжинде окуган. Андан кийин 1979-жылы Висконсин штатындагы Бизнес жана эл аралык экономика университетинен Американын тарыхы боюнча билим алууга жетишкен.Андан соң Арнольд киного тартыла баштаган. Алгачкы жолу “Нью-Йорктогу Геркулес” фильмине тартылган. Башында америкалыктардын айтуусуна оңой болсун үчүн Арнольддун фамилиясын өзгөртүп, “Стронг” деген псевдоним менен чыгарышкан. Бирок кийинчерээк Шварценеггер өз фамилиясын алып чыгууну чечкен.
1973-жылы бодибилдингден кетип, кино дүйнөсүнө бет алган. Көп узабай “Темирди терметип”, “Сан-Франциско көчөлөрү”, “Акмак”, “Ачка кала бер” фильмдери бири-биринин артынан эл алдына тартуулана баштайт. Бирок мында Арнольд анча байкалбаган ролдорду жараткан. Чыныгы дүйнөлүк атак-даңкты багындырууга 1982-жылы чыккан “Конан-Варвар” фильми жардам берген. Бир аз убакыттын ичинде Голливуд жылдызына айланган актёр Арнольддун катышуусунда “Айбан”, “Коммандо”, “Эгиздер”, “Бала бакча полициясы” жана эң популярдуу кинолордун бири “Терминатор”, “Терминатор-2: Сурак күн” чыгарылган. Кийинки жылдары чыккан жана хитке айланган кинолоруна кайрылсак, “Терминатор-3: Машинанын калыптанышы”, “Доктор Дулиттл-2”, “80 күн ичинде ааламга сапар” жана башкалар. Булардын ар биринен 30 миллион доллардын тегерегинде киреше тапкан.
1986-жылы “Чуркаган адам” фильмине тартылуу убагында АКШнын мурунку президенти Кеннединин жээни, тележурналист Мария Шрайверге баш кошкон. Атактуу саясатчынын үй-бүлөсүнө кошулуудан Арнольд жаңы жолго түшкөн. Себеби саясат дүйнөсүнө аралашып, 1990-жылы Американын президенти Буштардын улуусу Арнольдду дене тарбия жана спорт боюнча башкы кеңешчиси кылып дайындаган. Ал эми 2003-жылы 6-августта Арнольд расмий түрдө Калифорниянын губернаторлугуна ат салышаарын айтат. Көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон актёр губернатордун тактысына отураары менен эле киного тартылууну азайткан. Өз шайлоочуларынын колдоосуна ээ болуп, Арнольд Шварценеггер 2006-жылы ошол эле ордуна экинчи ирет шайланып, 2011-жылы иштөө мөөнөтү аяктаган. мурунку жубайы Мария Шрайвер жана балдары менен.Жубайы Мария Шрайвер менен 31 жыл бирге жашап, 4 балалуу болгондон кийин жубайлар 2017-жылы ажырашып кетишкен.

Ал эми ушул жылдын март айында актёр жүрөк оорусуна чалдыкканына байланыштуу ага операция жасалган. Наркоздон ойгонгон актёр эң биринчи "I'm back" сөзүн айткан. Белгилей кетсек, актёрдун сөзү "Терминатор" тасмасындагы "I'll be back" сөзүнөн алынган.

30-июлдун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан