ЖЫЛНААМА, 30-ИЮЛЬ: "Леон" тасмасындагы ролу менен атактуулукка жеткен француз актёру Жан Рено 70 жашка чыкты

Бүгүн француз актёру Жан Рено (чын аты-жөнү Хуан Морено-и-Хедирик Хименес) 70 жашка толду. Ал 1948-жылы 30-июлда Марокконун Касабланка шаарында төрөлгөн.

Чын аты айтып тургандай, ак сөөктөрдүн тукумунан чыккан дүйнөдөгү эң белгилүү француз актёру Жан Реного атактуулук режиссёр Люк Бессон менен таанышкандан кийин келген.

Ал кезде Рено жапжаш болгон көчө актёру, ал эми Бессон режиссёрдун ассистенти эле. Эки талантты тагдыр тасма тартылуучу жерде кездештирген. Бессондун бир нече тасмасына катары менен тартылган Жан Рено дүйнө­нүн европалык бөлү­гүнө бир топ таанымал болуп калат. Бирок чыныгы популярдуулукту актёрго "Леон" тасмасы алып келгени чын. Так ушул фильм Жан Реного алыскы Голливудга жол ачкан. Анын Голливуддагы алгачкы тасмалары – "Аткарылгыс тапшырма", "Годзилла". Албетте, бул толук тизме эмес.

Акыркы "Кызгылт суулар", "Код Да Винчи" сыяктуу тасмалардан кийин Рено өзүнүн талантын далилдей алган. Актёрдун артыкчылыгы – ал мушташ же драма болобу, детектив же комедия болобу, айтор, бардык жанрдагы кинолорго тартыла бергендиги. Себеби ар убак бардык образдар атайын ага жаралгандай жараша берет. Акыркы тартылган тасмаларынын катарына "Үй-бүлөлүк уурулук" (2017) жана "Тумандагы кыз" (2017).

Актёр бүгүнкү күнгө чейин 68 тасмада роль жараткан. Жан Рено көптөгөн киносыйлыктардан сырткары Франциянын эң бийик наамы деп эсептелген Легион Ардак ордени менен сыйланган.

Жан Рено үч жолу үйлөнгөн. Биринчи жубайынан Сандра (1978) ысымдуу кызы жана Микаэль (1980) ысымдуу уулдуу болгон. Экинчи жолу польшалык модель Наталья Дышкевичке үйлөнүп, андан уулу Том (1996) жана кызы Серена бар. Үчүнчү ирет румыниялык модель София Борукка үйлөнүп жашап келет.

Актёрдун 3 үйү бар: Парижде, Лос-Анжелесте жана Малайзияда.

Жан Рено америкалык ырчы жана актёр Элвис Преслинин күйөрманы. Ошондой эле миландык "Интер" футболдук клубунун да активдүү колдоочусу.

30-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vikidiki
2018-07-31 09:43:03
Байкуш карыптыр, коро элек болчумун. Жаш кези эсимде калыптыр. Кыйын актер, универсальный.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан