Биз социалдык тармакта

ЭЛДИК ВИДЕО: "Жумуш учурунда уктаганы аз келгенсип бир катар эреже бузган милиция кызматкерлери"

"Медиа порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Жумуш учурунда уктаганы аз келгенсип эреже бузган милиция кызматкерлери" аталыштагы видео жүктөлдү.

Аталган видеодо Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. Анда бактын көлөкөсүндө токтоп турган унаанын ичинде 2 кызматкер жумуш учурунда уктап жатканын көрүүгө болот. Видеого тартып жаткан адам суроо бергенине карабастан алардын бирөөсү уюлдук телефон менен сүйлөшүп жатып унааны айдап кеткен.

Видеону блоггер Болот Ибрагимов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Интернет колдонуучулар аталган видеону кызуу талкууга алышкан. Алардын көпчүлүгү кызматкерлер иш учурунда уктагандары аз келгенсип, өзүлөрү телефон менен сүйлөшүп жатып унаа башкарганы, коопсуздук курун тагынбаганын жана жолго чыгып жатып атайын белгини күйгүзбөгөнүн айтып чыгышкан.

"Жумуш учурунда уктаганы аз келгенсип эреже бузган милиция кызматкерлери"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
patiydin
2018-07-30 14:12:32
Аларда инсан баласы. Тынч койгулачы эс алсын.
+1
shergazy9
2018-07-30 14:28:08
Мен видеосун коро албай эле койдум коргозбой жатат
0
admin_superstan
2018-07-30 14:39:35
shergazy9, саламатсызбы! Купуя аркылуу кандай катачылык кетип жатканын жана скриншотун жиберсеңиз, жардам берүүгө аракет кылабыз.
0
stal.ks
2018-07-30 14:33:13
эс ала берсин машиналарды тосбой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан