Ысык-Көл облусунда 6 жаштагы кызды зордуктаган 16 жаштагы шектүү эки айга камакка алынды

Ысык-Көл облусунда 6 жаштагы кызды зордуктаган 16 жаштагы шектүү эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Шектүү Жети-Өгүз райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми жабырлануучу кыз ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, 28-июлда Жети-Өгүз РИИБине болжол менен саат 20:00 чамасында аталган райондогу айылдардын биринде зордуктоо фактысы катталганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 6 жаштагы кыз 16 жаштагы кошунасы тарабынан зордукталганын аныкташкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurhan2702
2018-08-03 19:21:45
Педофилдерге жаза кузотуу учун кандай чара колдонуш керек .Карапайым эл эле кыйналбаса ,депутаттар ,мыйзам чыгаруучулар кай жакты карап отурушат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан