Ысык-Көл облусунда 6 жаштагы кыз 16 жаштагы бала тарабынан зордукталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов 30-июлда SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 28-июль күнү саат 14:30 менен 15:00 аралыгында болгон.
"28-июль күнү Жети-Өгүз РИИБине болжол менен саат 20:00 чамасында аталган райондогу айылдардын биринде зордуктоо фактысы катталганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 6 жаштагы кыз 16 жаштагы кошунасы тарабынан зордукталганын аныкташкан. 6 жашар кызды райондук ооруканага алып барып, текшерүүдөн өткөрүшкөндө анын кыздык белгиси жок экени аныкталган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди басма сөз катчы.
Учурда тергөө амалдары башталды. Ал эми кыз апасы менен ооруканада жатат.