Мындан 39 жыл мурун, тагыраагы,1979-жылы 3-августта канадалык актриса Николь Эванжелин Лилли Альберта провинциясындагы Форт-Саскачеванда туулган.
"Аман калуу" сериалына тартылардан мурун стюардесса, официант болуп иштеген. Окуусунун акчасын төлөө үчүн жарнамаларга тартылып, моделдик иш менен алектенген.
2003-жылы ал "Фредди Жейсонго каршы", "Смолвилдин сырлары", 2004-жылы "Падыша ооруканасы" тасмаларында эпизоддук ролдорду жараткан. Чыныгы актёрдук талантын "Аман калуу" сериалында Кейттин образын жаратуу менен көргөзө алган.
Бул тасмадагы ролу үчүн 2004-жылы "Entertainment Weekly" журналы тарабынан "Breakout Stars-2004", 2006-жылы "Алтын глобус" номинацияларына талапкер болгон. 2009-жылы "L’Oréal" компаниясынын жүзү болгон.
2013-жылы Питер Жексондун "Хоббит: Смауг бош жери", 2014-жылы "Хоббит: Беш аскердиктин согушу" тасмаларында Тауриэль аттуу эльфтин ролун жараткан. 2015-жылы "Кумурска-адам" аттуу тасмада башкы ролдордун бирин жараткан.
2018-жылы жарык көргөн "Кумурска адам жана Аары" тасмасында Аарынын образын жаратса, учурда 2019-жылы жарык көрө турган "Өч алгычтар 4" тасмасына тартылып жаткан кези.
Жеке жашоосунда 2003-жылы канадалык хоккейчи Мюррэй Хонго турмушка чыгып, бир жылдан соң ажырашып кеткен.
2004-жылдан 2009-жылга чейин "Аман калуу" сериалындагы Чарлинин образын жараткан Доминик Монаган менен сүйүү мамилесинде болгон.
2010-жылдан тарта Эванжелин Лилли "Аман калуу" сериалынын режиссёрунун жардамчысы Норман Кали менен жарандык никеде жашап келет. Түгөйлөрдүн 2011-жылы туулган Кахекили Кали ысымдуу уулу жана 2015-жылы төрөлгөн кызы бар.
3-жылнаамага карата жылнаама.