Адатта чет өлкөлүк коноктор Кыргыз өлкөсүн эң эле жаратылышы кооз өлкөлөрдүн катарына киргизет. Көк тиреген ак мөңгүлүү тоолору, сай-сайлап аккан тунук булактары элибиздин баа жеткис, жаратылыш тарабынан тартууланган байлыгы.
Өлкөнүн тоо арасында катылган көлдөрү ондоп саналат. Ошондой көлдөрдүн бири Нарын кырка тоосунун түштүк капталында жайгашкан Көл-Төр көлү. Аталган көл Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан. Аянты 5 чарчы чакырым. Көл-Төр деңиз деңгээлинен 3 миң 820 метр бийиктикте жайгашып, Көл-Төр суусунун өрөөнүнөн орун алган.
Эл арасында көл мөңгүлөрдүн эришинен улам пайда болгон деген кептер айтылып келет. Көл жаан-чачын, кардын суулары менен толукталып турат. Чыгыш тарабы бийик аскалуу жээк, батышынан жол өтөт. Айланасында ар кандай бадал өсүмдүктөрү өсөт, мисалы, ит мурун, төө куйрук жана башка. Көлдөн агып чыккан суу Ат-Башы суусуна куюлат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, акыркы жылдары Көл-Төрдү көрүү үчүн чет элден келген туристтердин саны өсүүдө. Туристтердин көпчүлүгү көл тууралуу башка социалдык баракчалардагы сүрөттөр жана видеолор аркылуу көрүп-билип келип жаткандыгын айтышат. Көлгө жакын жерде жайгашкан жайлоодо жашаган малчылар көлдү көрүү үчүн келгендерге ар кандай кызматтарды көрсөтүшөт. Алар туристтерге аттарын жана боз үйлөрүн ижарага берип кошумча киреше табышат.
"Атайын деле кызмат көргөзүп иштеген тургундар жок. Көп учурда туристтер өздөрү эле келишет. Ушундай мыкты жаратылышка ээ болгон соң элге да, мамлекетке да пайда алып келе тургандай туристтик компанияларды ачуу керек. Керектүү шарттарды түзүп туристтерди, өлкөбүздүн жарандарын алып келип бул керемет кооздукту көргөзсө болот. Анткени Кыргыз өлкөсүндө жашап жүрүп деле мындай көлдөр бар экенин билбеген жарандар канча?" - дейт жергиликтүү тургун Акыл Шерипов.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.
Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!