Менин жерим: Туристтерди суктандырган Соң-Көл жайлоосу жана канчалаган бейтаптарды айыктырган Чоң-Туз санаторийи

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги каармандары Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Соң-Көл жайлоосу жана Чоң-Туз кени тууралуу айтып беришти.

Аталган аймактын тургуну Акылбек Бектуровдун айтымында, Соң-Көл жайлоосунун кооздугуна суктанган туристтер жыл сайын өсүп, кочкорлуктардын басымдуу бөлүгү турист тосуу менен алектенишет.

"Мындан бир канча жыл мурун Соң-Көлгө Швециядан бир үй-бүлө келип, бул жактын кооздугуна суктанып, туристтерди тосуу боюнча долбоор ачышкан. Анын негизги максаты - жергиликтүү тургундарга туристтерди кабыл алууну үйрөтүү болгон. Быйыл аталган долбоордун иштеп жатканына 18 жыл болду. Ал эми өзүм бул жаатта 8 жылдан бери эмгектенем. Жайлоого келген туристтердин саны жыл сайын өсүп барат. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу 10 пайызга көбүрөөк турист келди. Тактап айтканда, орто эсеп менен 1 күндө 300 турист кабыл алып жаттык", - деди ал.

Ошондой эле жайлоодо турист тоскон ар бир тургундун арты 5, алдыңкыларынын 15тен боз үйлөрү бар экенин айтты.

"Өзүм жыл сайын турист тосууга ылайыкталган 5 боз үй тигем. Башкалар дагы 5тен 15ке чейин боз үйлөрдү тигишет. Ар мезгилде тазалык боюнча акция өткөрүп, баш байгеге 10 миң сом коёбуз. Анда ылайыктуу шарт түзүп, үйдү таптаза кармаган тургундар жеңүүчү аталат. Жайлоого 5 таштанды таштоочу чоң урна коюлган. Аны улам сайын тазалап турушат. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн желеги желбиреп, келген коноктордун баарын суктандырат. Туунун жанынан өткөн ар бир кыргыз гана эмес, чет элден келген туристтер да сүрөткө түшүп кетишет", - деп кошумчалады.

Ал эми Кочкор районундагы Ара-Көл айылынын тургуну Рима Кайыпбекова аталган айылдын сыймыгы болгон Чоң-Туз кени тууралуу айтып берди.

"Биздин айылдын сыймыгы - бул "Чоң-Туз" кени. Андан туз чыгып, өлкөдөгү аймактарга жөнөтүлөт. Ал 1956-жылы ачылып, 1982-жылдан тартып санаторий катары негизделген. Бул жакка ооруп, эч айыга албай жаткан бейтаптар келип, дарыланган соң жакшы болуп кетишет. Ооруларды айыктыра турган жакшы касиети бар", - дейт ал.

Ошондой эле "Чоң-Туз" кени айылдын тургундарын жумуш орду менен да камсыз кыла турганын кошумчалады.

"Бул кенде айылдын бир канча тургундары эмгектенишет. Айыл элин жумуш менен камсыз кылат десем да жаңылышпайм. Ошондой эле тургундардын көпчүлүгү мал багып оокат кылса, айрымдары картошка айдап, түшүмүн сатуу менен алектенишет", - деди ал.

Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2018-09-25 22:35:09
Азаматсынар,озунор да ден-соолукта болгула,ишинерге ийгилик,айылынар осуп-оно берсин!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан