Бишкек шаарында 18 жаштагы кызды ала качып барып, андан соң зордуктаган делген шектүүнүн иши сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.
"31-июлда ала качууга жардам берген кылмышка шектүүнүн эжесинин жана шектүүнүн иши сотко өттү. Эжесине 155-берене (ала качуу) менен, ал эми 24 жаштагы жаранга 129-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда алар СИЗО-1де кармалууда", - деди Азиза Абдирасулова.
Эске салсак, 10-июнда Бишкек шаарынан 18 жаштагы кызды Нарын облусунун Жумгал районуна ала качып барып, андан соң зордуктап салганын эжеси Айзат маалымат жыйында айтып чыккан. Ала качуу фактысы боюнча 24 жаштагы А.Н. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (ала качуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга 2 айга камалган.