18 жаштагы кызды кайда ала качканы жана кантип зордуктаганы белгилүү болду

Бишкек шаарынан 18 жаштагы кызды ала качып барып, андан соң зордуктап салган окуянын чоо-жайын жабырлануучунун эжеси Айзат бүгүн, 14-июнда маалымат жыйында айтты.

Анын айтуусуна караганда, кызды 24 жаштагы жигит, анын эжеси Мээрим жана айдоочу болуп ала качышкан. Жабырлануучу кыз ала качкан адамды батирдин ээсинин баласы катары бир эле жолу көргөнүн айтат.

"Биз жашаган батирдин ээсинин баласы сиңдимди ала качып кетти. Сиңдимди баланын эжеси машинадан жүк түшүрүп кой деп суранып, унаанын жанына ээрчитип барганда Жумгалга ала качып кетиптир. Сиңдимдин кыйкырганын атам угуп эшикке чыкканга чейин алар кетип калышыптыр", - дейт Айзат.

Андан соң ала качып кеткен тарап телефон менен сүйлөшпөй, кийин телефон чалып кызды ала качып кеткенин айтып ачуу басар жиберерин айткан.

"Биз сиңдим менен телефондон сүйлөшсөк "отурбайм алып кеткиле" деп ыйлады. 11-июнда эртең менен Бишкектен Ленин районунун милиция кызматкерлери менен Жумгалга баргыча түшкү саат 11ден өтүп кетти. Ал убакта сиңдимди РИИБге алып келип коюшуптур. Барганда карасак денеси бүт көк ала, колдору тытылган. Ала качып барган күнү сиңдим менен баланы бир бөлмөгө камап коюшуптур. Зордуктап жаткан учурда сиңдим баланын ата-энесинен жардам сураса эч кимиси укпай, жардам көрсөтпөй коюшкан экен", - дейт эжеси Айзат.

18 жаштагы кыз 4-шаардык ооруканада жатат. Ал эми анын эжеси Айзат бул ишке тиешеси бар ар бир адам мыйзам чегинде жазасын алса дейт.

"Учурда сиңдимди ала качкан баланы эле камап коюшту. Аны ала качууга катыштыгы бар жана зордуктоого жол берген адамдар да жазасын алуусун каалайбыз", - деди кыздын эжеси Айзат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
Azatbek.Svoboda.
2018-06-14 21:23:18
Ушул эргур ХХХХХХХХХ этиш керек!
0
Omush94
2018-06-14 21:23:55
Ооой жигиттер не эле болуп баратабыз бир кыздын тилин эбин эптеп таба албай? Келгиле жигиттик намысты ойготолу?...
+4
bakytkg007
2018-06-14 22:41:22
Алып качуунун жазасын кучотуш керек тез арада неге мындай иш кайталанат кайра кайра куч органдары барсынарбы озу жаман ичим атышты окуп алып бей куноо кыз бечара.
+2
Gulu6969
2018-06-14 22:46:06
Ala kachpai ele uilonsonor bolotko,jakshy suiloshup kelishim mn shashkalaktabai
+1
Kanykei_95
2018-06-15 00:52:20
Оо Жараткан эмнеле болуп баратат пенделерин,ыйман бере кор
0
Bekboloooot
2018-06-15 00:59:47
Акмакчылык,Акмакчылык жана Акмакчылык Ажыбыз айткандай!

Эл журт, колу коңушу эч ким эч нерсе дешпедиби эмне, эмне? кыздар малбы?

Жигиттер мындай намысты сактайлы!

Мейли бул дүйнөдө жооп бербесеңерда аркы суракта албетте эсеп кысап болот!

Эми байкуш кыз кантип турмушка чыгат мени зордуктап кетишти дейби?!

Шермендеееее!

Сөздөрүм көп болчу бирок, жогорудагы жазгандарым ушак кылуу эмес болгону чыдай албадым!

0
Shokoladka94
2018-06-15 02:03:36
Таптакыр жапайы болуп бутуп баратабызбы деген ой келет. Экоону Бир болмого киргизген жакындарынын акылдары ордундабы?
+1
zarlyk2211
2018-06-15 02:52:11
Мыйзам чегинде баары жазасын алыш керек.
0
Aiba__95
2018-06-15 03:16:59
ХХХХХХХХХХ чыныгы эркектин иши эмес да бул, колундан ошол келдиби ХХХХХХХХХХХ Сенин да эже карындашын болсо кк ХХХХХХХХХХ!!!
0
KG.Kushtarbek
2018-06-15 03:22:25
Ээээ ата енеси ойлонуштурса болотеледа алардында уйундо кыз болсо керек бечара кыз
0
tyka
2018-06-15 04:01:57
129 мн баардык катыштыгы барларды соттош кк. Башкаларга сабак болсун. Кыз мн таанышып суйлошо албагандан кийин уйлонбойле койгула да. Эркек эркекче журбойсунорбу
+2
adila_suimonkul
2018-06-15 11:09:41
соз жок мен мындай акмактарды адам катарына кошпойм ушул жашка келгенче кыздын конулун таппаса анда лох экен баласы ата энеси да ХХХХХХХХ экен
0
adila_suimonkul
2018-06-15 11:12:02
атасы менен апасынын жолун улаган чыгар балким аладыкы да ушундай болгон чыгар
+1
senchi
2018-06-15 11:42:16
Баланын ата энесине наалат, тарбия сы жок баласына жана эжесине орозонун кунундо кылган куноосун кудайым корсотсун.
+1
tular
2018-06-15 12:38:39
Зордуктабай эле, никесин кыйгандан кийин кошулду да экоо!!! Болбосо ата-энеси кантип эле ошончо денгээлге жетсин?! Кызды булоо кылып алалы деп жакшы ниетте алыштыда!
Эми батирди бизге каттаткыла анан тосмо арыз жазабыз дешпесе болду, азыр адамдардан бут нерсени кутсо болот...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан