Койдун башын куйкалап жатканда паяльник атылып, денесинин 85 пайызы күйүп калган Исфандияр Бабашов каза болуп калды

Койдун башын куйкалап жатканда паяльник атылып, денесинин 85 пайызы күйүп калган Исфандияр Бабашов каза болуп калды. Бул тууралуу маркумдун жакындары SUPER.KG порталына билдирип, Исфандияр Бабашовдун айыгып кетүүсүнө жардам көрсөткөн бардык жарандарга ыраазычылык айтты.

Маркумдун жакындарынын айтымында, Бабашов 14-июлда көз жумуп, 15-июлда жерге берилген.

"Исфандиярга 1-операция жасалгандан кийин эсине келип, сүйлөп жаткан. Бирок 2 күндөн кийин каза болуп калды. Дарыгерлер да, боорукер адамдар да колунан келген жардамын көрсөтүштү. Бирок денесинин көп бөлүгү терең күйгөн эле. Ысыгы ичине түшүп кетти окшойт, бул азаптуу ооруну көтөрө албады", - деди маркумдун жакыны.

Айта кетсек, кырсык ушул жылдын 21-май күнү болгон. Анда Исфандияр Бабашов паяльник менен койдун башын куйкалап жатканда, ал жарылып кеткен. Андан соң жабыркаган адам Жети-Өгүз райондук ооруканасына андан кийин Бишкек шаарындагы 4-оорукананын күйүк бөлүмүнө жеткирилген.

Исфандияр Бабашовдун артында жубайы жана 3 баласы калды.

SUPER.KG порталы Бабашовдун каза болгонуна байланыштуу анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kaninaiman
2018-08-09 16:31:54
Өкүнүчтүү Жаратканым өз рахматына ала көрсүн!
+16
Chagylgan1
2018-08-09 17:07:59
Конул айтабыз жакындарына...

Койдун башын очокко эле куйкалап жургулочу...
+11
kyrgyzstan00
2018-08-09 18:09:04
Иий бейиши болсун! Жакындарына сабыр тилейм. Окунучтууу.
+7
gulzat85
2018-08-09 19:18:43
Жаман болуптур.жаткан жери жайлуу болсун
+4
tokitok
2018-08-09 19:58:16
Аллахым бейиштин торунон орун берсин. мандайы жарык байке экен. Окунучтуу.
+4
asemanur
2018-08-10 07:58:07
Жаны жаннатан орун алсын
+3
Batma08
2018-08-10 09:49:54
Жакшы адам корунот жаткан жери жайлуу болсун аллахым кабырын нур кылсын. Куноолорун кечире коор.
+2
simone
2018-08-10 13:42:02
Мен да корком ушул пояльниктен
0
faraon312
2018-08-10 13:43:29
Ээх.. ажалга арга жок тура.Жараткан жакындарына сабыр, бекем кайрат берсин! Бала-бакырасы аман эсен эр жетсин!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан