Биз социалдык тармакта

Өлкө аймагында 12-13-август күндөрү абанын температурасы төмөндөп, катуу шамал болушу күтүлүүдө

12-13-август күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы төмөндөп, жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми тоолуу райондордо, жайлоолордо жамгыр карга айланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. Туруксуз аба ырайынан улам жайлоолордо малды кармоо жана коммуналдык кызматтардын иши кыйындайт", - деп билдирет маалымат кызматы.

12-август күнү Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +23°C болсо, күндүзү +27°C чейин жетет. Ал эми 13-августта абанын температурасы түнкүсүн +17°C болсо, күндүзү +31°C чейин жетиши күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан