3
1-августта Бишкек шаарында Эгемендүүлүк майрамына карата иш-чараларды уюштуруу үчүн 3 миллион 700 миң сом каражат жумшалат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы маалымдайт.
Порталда жайгаштырылган маалыматка ылайык, сынактын жеңүүчүсү борбор калаабызда өтө турган маданий шоу-программалардын сценарийин түзүп, сахна жасалгасынын дизайн-эскизин ойлоп таап, фото-видео тартууларды уюштуруусу зарыл.