III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдыктын алкагында Кырчын жайлоосуна жалпы суммасы 2 миллион 600 миң сомду түзгөн дааратканалар коюлат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган иш-чараны уюштуруу катчылыгынан билдиришти.
"2016-жылы өткөн оюнда даараткана маселеси жаралган. Аны эске алып кошумча ар биринде 12 көзөнөгү бар 8 контейнер тибиндеги даараткана Кырчын жайлоосуна орнотулат. Алардын бирөөсү 287 миң сом турат. Ал эми жайлоонун маданий иш-чаралар өтүүчү аймагында жалпы суммасы 375,5 миң сомду түзгөн 20 жыгачтан жасалган даараткана орнотулат. Бардыгы биригип дааратканаларга кеткен каражат 2 миллион 677 миң 304 сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт.