"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын апасы кызы кырсыкка кабылган унаанын айдоочусуна 4 миллион сом доо койду. Мындай маалыматты бүгүн, 16-августта маркумдун апасы Насипа Мамбеталиева SUPER.KG порталына билдирди.
"15-августта Ысык-Көл райондук сотунда алгачкы отурум болду. Мен кызымдын үч баласына жана кыздын энеси катары мага моралдык жана материалдык чыгым төлөсүн деп 4 миллион сом доо койдум. Ошондой эле биринчи отурумда күбө катары Ысык-Көл райондук ооруканасынын фельдшери суралды. Ал өз көрсөтмөсүндө айдоочу жана анын жанындагы досу мас абалда болгонун айтты", - деди Мамбеталиева.
Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү жаракат алып Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Ал эми маркум Сания Шакированын сөөгү 4-июнь күнү Кара-Балта шаарында жерге берилген.