Кечээ, 16-августта журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкканы кабарланган эле.
15:03 Бүгүн, 17-августта ИИМ экспертизанын жыйынтыктары жана иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Анда ИИМдин Тергөө тобунун башчысынын орун басары Нурлан Утемисов экспертизанын жыйынтыгы боюнча айтып баштады.
15:07 "Журналист Уланбек Эгизбаевге биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жардам көрсөткөндөр маркумга ийне сайышкан. Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгында бутундагы так каза болгон соң чыкты деген маалыматты аныктап чыкты. Анын эч кандай ден соолугунда коркунуч болгон эмес", - деди Нурлан Утемисов.
15:10 Бүгүн Ысык-Көл ОИИБи тарабынан журналист Уланбек Эгизбаев чөгүп кеткен пансионатта коопсуздук эрежелери сакталбаганы боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду. Учурда эки айлык тергөө иштери башталды. Кылмыш иши "Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү" беренеси менен козголду (Кызмат көрсөтүүлөр адам өлүмүнө алып келсе эсептик көрсөткүчтүн жети жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат).
15:12 Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгону аныкталды. "Акун" пансионатынын администрациянын жана куткаруу кызматтарына жоопкерчилиги кылмыш ишинин алкагында каралат.
15:17 "Эгизбаевге көзү тирүү кезинде коркутуулар болуп келген. Мындан улам Бишкек ШИИББинин атайын тергөө тобу коркутуулар болгону тууралуу териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ага келген конверттер боюнча маалыматтар баары текшерүүгө алынган. Мындан башка дагы ага телефон чалуулар болгон. Бирок андан башка коркутуулар болгон эмес", - деди Утемисов.
Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев каза болордон бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген пикирлер айтылган.