Чечен Республикасында полиция кызматкерлерине кол салгандар 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр экени белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматты аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги жергиликтүү басылмаларга билдиришкен.
Белгилүү болгондой, укук коргоо органдары кол салууга катышкан 5 адамдын тең өздүгүн аныктаган. Алдын ала маалыматтарга караганда, алардын баары Шалин районунун 18 жашка чыга элек тургундары болгон.
Кылмышкерлердин бири 2000-жылы, экөөсү 2001-жылы туулган. Дагы 2002-жылы жана 2006-жылы туулган бир туугандар да болгон.
Айта кетсек, 20-август күнү Чечен Республикасында полиция кызматкерлерине 4 кол салуу фактысы катталган.