Чеченстандын полиция кызматкерлерине бир күндө 4 кол салуу болду

20-августта Чечен Республикасында полиция кызматкерлерине 4 кол салуу болгон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Алгач Грозный шаарында жайгашкан соода түйүндөрүнүн биринде мамлекеттик номери жок Мерседес үлгүсүндөгү автоунаа көзөмөл пунктунан өткөнгө аракет кылган. Унааны тоскон полиция кызматкерин айдоочу сүзүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа 3 полиция кызматкерин сүзгөн. Оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгында унаанын айдоочусу атып өлтүрүлгөн. Кээ бир маалымат булактары кылмыш кылган айдоочу менен унаанын ичиндеги 11 жаштагы бала да көз жумганын жазып чыгышты. Жаракат алган полиция кызматкерлери азыркы тапта ооруканада жатат.

Ушул эле күнү саат 10:00дөр чамасында Шалин районунда дагы кол салуу катталган. Анда бычак менен куралданган 2 кылмышкер полиция участогуна киргенге аракет кылышкан. Анын кесепетинен эки полиция кызматкери жаракат алган. Кол салган кылмышкерлер жок кылынган. Окуя болгон жерде иликтөө тобу иштеп жатканын күч органдары билдирген.

Дагы бир окуя Мескер-Юрт айылында болгон. Жан кечти-террорчу өзүн жол кыймылын көзөмөлдөө постунун жанында жардырып жиберген. Анда террорчу өзү каза болуп, башка адамдар эч кандай жаракат алган эмес.

Грозный шаарынын Биринчи Май-Исаев көчөлөрүнүн кесилишинде ок атышуу болуп, 1 полиция кызматкери оор жаракат алган.

Азыркы тапта ажылык сапарында жүргөн өлкөнүн президенти Рамзан Кадыров өлкөдө абал туруктуу экенин, аталган фактылар боюнча "укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканын өзүнүн интернеттеги баракчасына жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zamka79
2018-08-21 10:12:39
Кудай сактасын акыры жакшылык менен бутсун
+1
Farra16gsin
2018-08-21 10:40:06
Жок кылганы жакшы болуптур бизге окшоп турмого камап бакпай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан