"Forbes" журналы жыл ичинде 239 миллион доллар каражат тапкан актёрду эң кирешелүү деп атады

Ал эми кирешелүү делген актёрлордун экинчи сабында "Аска" каймана аты менен белгилүү актёр Дуэйн Жонсон жайгашкан. Ал жыл ичинде 124 миллион доллар тапкан.

Аталган тизмедеги үчүнчү орун 1 жылда 81 миллион доллар тапкан америкалык актёр Роберт Дауни-кичүүгө буюрган. Ал бул кирешенин көбүн "Өч алгычтар: Түбөлүктүү согуш" тасмасындагы ролу аркылуу тапкан.

Дүйнөдөгү таасирдүү, кирешелүү адамдардын байлыгын эсептеген "Forbes" журналы буга чейин эң көп киреше тапкан актрисалардын тизмесин жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан