Америкалык актриса Скарлетт Йоханссонду "Forbes" журналы эң кирешелүү айым деп атады

Дүйнөгө белгилүү атактуулардын байлыгын эсептеген америкалык "Forbes" журналы бул ирет жыл ичинде эң көп киреше тапкан актрисаларды аныктады. Ага ылайык, америкалык актриса жана Скарлетт Йоханссон бир жыл аралыгында 40 миллион 500 миң доллар киреше таап, тизменин сап башынан орун алган. Актриса "Жесир аял" тасмасындагы ролу үчүн эң көп гонорар алган.

Ал эми эң көп киреше тапкандардын 2-сабынан Голливуд жылдызы Анжелина Жоли орун алган. Анын жыл ичиндеги тапкан каражаты 28 миллион долларды түзгөн. Ал кирешесинин көбүн "Малифисента" фильмине тартылуудан тапкан.

Америкалык Женнифер Энистон 19 миллион 500 миң доллар киреше таап, аталган тизменин 3-катарында жайгашкан. Анын кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 3 миллион долларга төмөндөгөн.

"Forbes" журналы эң кирешелүү актрисаларды аныктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2018-08-17 11:55:15
Анжелика, Самара кайдасынар?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан