Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: ӨКМ: "Ала-Тоо конушунда күйүп жаткан үйгө өрт өчүрүүчүлөр толук даярдыкта кетишкен"

SUPER.KG'нин "Элдик видео" бөлүмүнө "Сокулукта үй өрттөнүп жатат" деген аталыштагы видео жүктөлгөн. Видеодо турак үй өрттөнүп, жанындагы адамдар өрттү өчүрүүгө аракет жасап жатканы тартылган. Ошондой эле кырсык болгон жерде топтолгондор өрт өчүрүүчү унаадан суу чыкпай жатканын айтышкан. Кырсыкка күбө болгон тургун унаадагы 20 метр шлангда 50дөй тешик бар экенин, мындан улам суу керектүү жерге жетпей жатканын кабарлаган.

Өрт Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылындагы турак үйдөн чыккан.

SUPER.KG порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына кайрылып, өрт өчүрүүчү унаадан суу эмнеге чыкпай калгандыгынын себептерин сурады.

"Өрт чектөөгө алынып толук өчүрүлүп бүттү. Жабыркагандар жок. Ал эми күбөлөрдүн өрт өчүрүүчү унаа келип, бирок суусу чыкпай жатат деген билдирүүсү туура эмес. Себеби биздин кызматкерлер даярдыксыз абалда өрт чыккан жерге кантип бармак эле. Кызматкерлер толук даярдыкта, убагында барып өз милдеттерин аткарышты", - деди маалымат катчы.

Бүгүн, 23-август күнү саат 12:20 чамаларында Сокулук районунун Новопавловка айылынын Ворошилов жана Киров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдөн чыккан.

Абалды видеодон көрүңүз.

Сокулукта үй өртөнүп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
almanbetperm
2018-08-23 18:57:17
Анан толук даярдык менен дейсинерго уялбай,суу чачкан шлангылар атка белдик кылганга да жарабайт
+2
Jasa
2018-08-23 18:59:02
Ошол толук даярдыкта барып очуройун дешсе эле,шланганар тешик ,жолдун чанын жууп кайтышыптыр
+3
momun74
2018-08-23 19:24:12
Ии тообо жаш баладай суйлоптурго коруп турсанда андай эмес мындай деп канча ирет мындай кемчиликтер катталган мойнуна алып эле туура жооп берсе болмок же куноолу болгон сон унчукпай эле койбойбу
+2
monster_high_98
2018-08-23 20:43:41
Бир кемчилигинерди мойнунарга алсанар кун батыштан чыгып кетсе керек эээ...
+3
asman.81
2018-08-23 22:32:28
Силерден жогору отурган чоңдорунарга ушинтип отчет берип уйрогонсунор да.Жыртык шланганын ордуна жанысын алдык,палан доллардан деп давно чоң курсагынарга киргизип жиберсенер керек бүкүлу бойдон!
+2
bond02
2018-08-23 23:42:24
Орт очуруучулор толук эле барышкан бирок орт очуруучу шаймандар толук эмес дебейсинерби.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан