Биз социалдык тармакта

Бүгүн Бишкектин бир топ көчөлөрүндө жана айрым конуштарда жарык убактылуу өчүрүлөт (тизме)

Бүгүн, 24-августта Бишкектин бир топ көчөлөрүндө жана айрым конуштарда жарык убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, электр мамычаларына жана чубалгыларына жолтоо болуп жаткан бактарды бутап, оңдоо иштерине байланыштуу жарык үзгүлтүккө учурайт.

Жарык өчүрүлө турган аймактар:

Саат 9:30дан -19:00гө чейин - Көк-Жар конушундагы Ой-Терскен, Санжыра, Куйручук, Достоевский, Чар, Молдокулов, Көк-Жайык, Керемет, Шоокум көчөлөрү;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин - Жаманбаев көчөсү, Арча-Бешик конушундагы Репин, Кең-Суу, Валдайский, Садырбаев, Сандык-Төр көчөлөрү;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин - Бакаев, Гагарин, Алтымышев, Табалдиев, Тыналиев, Ахунбаев көчөлөрү, Айтматов кең көчөсү;

Саат 9:30дан -18:00гө чейин - Исанов, Ужгород, Түлөбердиев, Луговой, Берег, Ямбург, Челябинск, Алтай, Каарман көчөлөрү, Красный строитель конушунун Жумушчу көчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
monster_high_98
2018-08-24 08:47:37
Бул го тизмеге киргендери го,калгандарычы?
0
Kuba-savai87
2018-08-24 08:54:52
monster_high_98, калгандары да очуп атабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан