Биз социалдык тармакта

"Тез жардам" унаасынан бензин уурдады" делген жарандын окуясынын чоо-жайы айтылды

Интернетте "Тез жардам" кызматынын унаасынан белгисиз жаран бензин уурдап, ары жакта токтоп турган жеңил унаага куюп айдап кеткен видео тарады.

Видео 22-август күнү Ош облустук балдар ооруканасынын короосунда тартылганын Ош шаардык мэриясынан маалымдашты.

Бүгүн, 24-август күнү аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Жыргалбек Кадыров SUPER.KG порталына окуя тууралуу түшүндүрмө берди.

"Бензин уурдады делген жаран биздин оорукананын "Тез жардам" унаасын айдаган айдоочу. Ал тасмадагы кызматтык жеңил унааны да айдайт. Ошол күнү "Тез жардам" унаасынан 5 же 6 литрдей бензин алып, кызматтык унаага куюп, оорукананын жумушу менен бир жакка барганы аныкталды. Бул жерде эч кандай уурдоо фактысы катталган жок. Айдоочунун бир күнөөсү же жаңылыштыгы - жеңил унаада бензин жок калгандыгы тууралуу тийиштүү бөлүмгө кабар бербестен, шашылыш иш чыкканда ушундай жолго барганы болууда", - деди оорукананын директорунун орун басары.

"Тез жардам" унаасынан бензин уурдап жаткан жаран
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
patiydin
2018-08-24 15:46:19
Элдик кабарчы Лар ар нерсени билип билбей жоното бербегилечи.
+9
omuralievaO.88
2018-08-24 16:44:35
Суйунчусуно бир сом бар менде. Супер инфодон телефон элдик кабарынан женуучу аталып телефондуу болуп калсам деп чыгара койдунбу ээ.
+5
Taku.14.02
2018-08-25 01:50:09
omuralievaO.88,балким чын урдаган чыгарсын эгер урдаса элге уят болот
-1
Daak9091
2018-08-24 21:07:19
Эй урдалгандан да кантип женил машинада бензин болбосун
+1
aida007
2018-08-25 13:29:12
Мен деле ошентип ойлогом башында эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан