Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга жасаган мамлекеттик иш сапары аягына чыкты (фоторепортаж)
Президент Сооронбай Жээнбеков 23-августта Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча мамлекеттик сапар менен аталган өлкөгө барды.
Мамлекеттик иш сапардын биринчи күнү Ашхабад шаарында Жээнбеков Түркмөнстандын президенти менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга жана эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө багытталган башка бир катар документтерге кол коюлду. Президент жетектеген делегация менен бир топ өкмөт мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары барды.
Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Ашхабаддагы Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө барып, гүлчамбар койду. Мамлекет башчысы ошондой эле мавзолейдин жанында жайгашкан мечит менен таанышты.
Андан соң Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын эгемендик монументине гүлчамбар коюп, ардактуу меймандардын багына көчөт отургузду.
Сапардын соңунда президент Ашхабаддагы текстиль комплекси менен таанышты.
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-августка пландалган Арал деңизин сактоо эл аралык фондунун саммитине катышууда.